Ноокатта коронавирустан жабыркап жаткан бейтап каза болду
Бүгүн, 3-апрелде саат 9:00гө карата өлкөдө 9 жаңы оорулуу катталып, коронавирус менен жабыркагандардын саны 125ке жетти. Бейтаптардын бири каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап оорудан каза тапты. Ал чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жаткан. ПЦР-анализинин жыйынтыгы менен бейтапта COVID-19 инфекциясы бар экени тастыкталды.
Ошондой эле бейтапта дагы башка кошо өрчүп кеткен оорулары да бар болгон.
Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүн саат 13:00дө брифингде кошумча маалымат берет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
-4

Аллахым ушул оорудан кыргыз элини, дүйнө элдерини сакта, отургандарга шыпаа бер.!
Жайы жаннаттан болсун.