super.kg logo

"Мен коронавирус болгон жокмун" дейт Ала-Букада коронавирустан айыкты делген жаран. Министрлик буга эмне дейт?

 

1-апрель күнү Ала-Бука райондук ооруканасында дарыланып, коронавирус аныкталган эки жаран ооруканадан чыгарылган эле. SUPER.KG порталы илдеттен арылып, ооруканадан чыккан Насыр мырза менен байланышып, ден соолугун сурады.

- Саламатсызбы, Насыр мырза? Сизди коронавирустан айыгып чыкты деп уктук. Ден соолугуңуз жакшыбы? Өзүңүздү жакшы сезип жатасызбы?

- Рахмат, Кудайга шүгүр. Жакшымын. Элге ошондой маалымат берип жатышат. Бирок мен вирус жуктурган жокмун.

- Дене табыңыз көтөрүлүп, Ала-Букада ооруканада жатыптырсыз го?..

- Бизди 17-мартка караган түнү Ак-Коргон айылына обсервацияга алып барып жаткырышты. Ала-Букадан кичи ажылыкка 10 адам барып келгенбиз. Бирөө Оштон болгондуктан, аны Ошко жөнөтүштү, тогузубуз Ак-Коргондо калдык.

Обсервацияда жылыткыч жок суук экен, мен жука кийинип алып, башка бөлмөлөргө кирип, куран окуп жүрө берипмин. Ошого чыйрыга түшкөнмүн. 23ү же 24-мартта дене табым көтөрүлгөнү үчүн Ала-Бука райондук ооруканага алып келип, изоляцияга алышты. Жашым 58де болгону үчүн да чочулашты окшойт. Коронавирустун атайын белгилери бар экен го, менде андай болгон жок. Дарыгерлерге "Эмнеге мени кармап жатасыңар? Коронавирус жуктурупмунбу?" десем, "андай деле эмес, сасык тумоо болушуңуз мүмкүн" дешти. 2-3 укол алгандан кийин жакшы болуп калдым. 1-апрель күнү ооруканадан чыгарылдым.

Мен өзүмө-өзүм кылдым. Эгер жеңил кийинип жүрбөгөндө чыйрыгып, дене табым көтөрүлбөйт болчу. Обсервациядан кийин шериктерим менен үйгө чыгып кетмекмин. Башында дене табым 36 эле болуп туруп алды. Эки күн бир аз көтөрүлдү, ошол боюнча жөтөлгөн да жокмун, жакшы жүрдүм. Азыр үйдөн 2 аптага эч жакка чыкпагыла деп талап кылышты, камалып отурам.

- Сиз качан Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан келдиңиз эле?

- 12-март күнү эл катары Бишкек шаарындагы "Манас" эл аралык аэропортуна келип конгонбуз. Ал жактан дене табыбызды текшерип, мурдубуздан анализ (ред. мазок) алып, айылга барганда аймактык оорукананын дарыгерлери байланышат деп жөнөтүштү. Ошентип ажылыктан келгендер такси менен Ала-Букага келгенбиз. Ошол боюнча дарыгерлер 17-мартта бизди обсервацияга алып кетишти. Азыр Кудайга шүгүр, абалым жакшы. Коронавирус тууралуу жаңы укканда дүйнө дүрбөлөңгө түшүп жаткандан кийин чын эле корктум. Бала-чака, башка элге жуктуруп алсам эмне болот деп ойлодум.

- Рахмат, сизге. Ден соолукта болуңуз!

Бул окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан төмөнкүдөй түшүндүрмө беришти.

- Ала-Бука районунун тургуну, кичи ажылыктан келген жарандан биринчи ПЦР-анализ алганда терс жыйынтык чыгып турса да, оң жыйынтыктын белгилери да болгон (ред. ложно положительный). Андан кийин экспресс-тест жасалган. Андан коронавирус бар экендигин көрсөткөн. Ошондон кийин бейтапты изоляторго алышкан. 14 күн дарылоодон кийин кайра ПЦР-анализ алганда бейтапта коронавирус жок болуп чыккан. Ошондуктан дарыгерлер ага "коронавирус эмессиз" деп айтышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(37)
03.04.2020. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
История ичти аябай эзет го, биздин проверка ошентип өлтүрөт да оорубаган адамды оорутуп.
03.04.2020. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Актанбай эле койсун врачтардан кыйын болуп кетиптирби.
03.04.2020. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
robot111,+++
03.04.2020. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
nazarnew,бир белгиси болгон үчүн алып кеткен да.
03.04.2020. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Менимче бул адам адамдардан алыстап калбаш үчүн ушул нерсени ойлоп тапты. Ооругана адам мен оорудум деп айтмак беле. Мисалы мен оорусам менден адамдар качыпе калат деп ойлоп ооруган эмесмин деген актануу жолун издеп тапкан...
03.04.2020. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Дарыгерлер неге кунт коюп текшербейсинер ыя бул ооруу менен ойношуп болбойт.
03.04.2020. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Аии анда нормально текшергенге деле шартынар жок экенда.
03.04.2020. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Башакалар мененда байланышкылачы
03.04.2020. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Кантип оорубаган адамды дарыласын, бул вирустун дарысы жок болгон учун гриппти, пневманияны дарылагандай эле дарылап атышат бут дуйно врачтары. Мен ооруган эмесмин деп озуно озу диагноз коюп алыптыр го
03.04.2020. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Жеңил түрү болсо керек да. Анализ положительно чыккан болсо, өзү Симптомдору жок болгондуктан болгон жокмун деп атат го
03.04.2020. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Колдогу даватчы деле орубай атам деген видеосу журотго.Температура жок дейт.Кунуно анаферон эле берет деп кантип текшерип атышат
03.04.2020. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми мынча адамга тест жасадык деп тесттин акчасын чыгарышат экен да айрым шылуундар,тесттин кымбат экенин билесинер...
03.04.2020. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-19
Саламатсыздарбы Супер инфо ! Мен силерди 3 жылдан бери окуп келем , аны айтканымдын себеби силердин бир макалаңарда Асманда куштар жолго өзүнчө эле өлүп калышкан деп жазгансыңар .Мен эми түшүндүм көрсө Дүйнө жүзү 5 G технологиясын ишке ашырганы жатат экен .Ошонун кесепетине Коронавирусту ойлоп табышыптыр 5G көп ооруларды козгойт экен уран сыякту .Туугандар ишенбесенер көргүлө против 5G дегенди баарын айтыптыр азыркы мезгилди .Уханьда неге бүттү и жарганатты жэй башташты? Алар уже коюптур .
03.04.2020. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Agayu,Ай блиин бир чети кулдум да ,ыйлагым келип ыйлай албай жатам замандашым жазганынды окуп..Ушу Чипа эмессинби сен ыя или поющий Нуке брат?
04.04.2020. 08:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Agayu,жебечи мен кареяда журом 5ж ны мее билгенден былтыртан бериле колдонуп журушот каристер, не 5жны жинди адамдар чыгарып жетет дейсинби
03.04.2020. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кудайым шыпаа берсин.женил өтүптүр анда сиздики. вирус менен күрөшкөн медицина кызматкерлерине ырахмат.
Ооруканадан чыга электе айтбайт белен.
Үйгө барып алып сайрабай.
Эмнеси болсо да менин айылым Ала Буканы дүрбөлөңгө салдың.
muras111211 түзөттү 2020-04-03 17:18:37
03.04.2020. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Анализди текшерүүдөн кийин айтылды да вирус жугузганы.
Болушу мүмкүн эмес.
Дарыгерлер анализге карап анан ошого жараша даарылады болуш керек.
Жөн жерден дарыгерлерди жаман корсоткун келип аткан гоо.
muras111211 түзөттү 2020-04-03 17:20:07
03.04.2020. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эмнеси болсо да аты жаман оорудан кутулуптурсуз. Эми эшике чыкпай олтурунз
03.04.2020. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кимге ишеништи да билбейсин, он жакка барсан озун олосун сол жакка барсын атын олот деген мезгил болду го.
03.04.2020. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Самолеттон тушкондо текшерип мазок алып,анан айылга барганда аймактык дарыгерлер байланышат деп коё берген врачтарды атыш керек,ошолор куноолуу.
03.04.2020. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Kuyoo_bala,Врачтарда мындай опыт жок болгон, врачтарга тийишпе алар окуп жургондо сен жардам бердин беле?! Врачтар туну кафеде официант пол идиш жууп тапкан акчасын мугалимдер коркутуп окуудан отчисление кылам деп алган. Ойлонуп жаз тууганым, медиктерге обычный эле сарык жугуп калса оз омуруно рисковать этишет!
zamir_kgz түзөттү 2020-04-03 22:25:44
03.04.2020. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул аксакал медсестраларга баш ийбей качып туруп алса керек.
Сизде баары жакшы,сизде коронавирустун белгилери жок деп айтышкан болушу мумкун.
Аксакал айтып жатпайбы,коронавирустун белгилери бар экен го,менде андай белгилер байкалган жок.
Женил кийинип шамалдап калыптырмын.2 кун температурам тушпой койду деп айтып жатат.
Adil18 түзөттү 2020-04-03 18:16:49
03.04.2020. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Соо адамга бироо тийишеби,вирус бир жеринде жатса керек.
03.04.2020. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Тест положительный чыкты да, демек иммунитет кучтуу экен, оору женил формада отуптур. Кудайга шугур дей берсин бабай, соо адамды даарылап врачтардын деле башы иштесе керек.
03.04.2020. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ар канддай туру бар,жотолдун,темпаратура болдун,тестен чыкты кучтуу экенсин жендин кысып отур эми эч жака чыкбай
03.04.2020. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Менимче ооруган. Даарыгерлер стресс болуп бир нерсе болуп кетпесин деп жок деп коюшкан. Айыкканына шүгүр кылыш керек неси болср да!
03.04.2020. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин апам пневмание болгон анализи ошого положительный чыгып калыптыр. Апамы куч менен алып кетип жаткырып койушту апам байкуш ооруган деле жок чучкургон деле жок жотолгор деле эмес тумоосун деле жок болчу. Жон эле уйдогу жумуштар менен алек болуп жургондо алып кетишту куч менен. Кимге кайрылышты да билбей турабыз!
03.04.2020. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
I.m.Nuraly,ошол атыночкурдун осложнениеси пневмония де атпайбы.
03.04.2020. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
I.m.Nuraly апанда вирус бар бирок аны апан сезген жок анткени апандын иммунитеты кучтуу бирок аны апан вирусту башкаларга жуктуруп журо берет и муну озу деле билбей журо берет . Эми эмне кылаарыбызды билбей атабыз дейсин да апанды согушка алып кеткенсип . Башкаларга жуктурбасын бизде козомолдо болсун деп жакшылык каалап алып кетишиптир. Италияда вирус жуктуруп алгандардын арасында уктаган бойдон ойгонбой калып атышат. Алар деле жотолгон эмес температура болгон эмес экен
03.04.2020. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Булардын максаты адамдын санын кобойтуу жана ага болунгон каражатты оз чонтогуно алып калуу экен!!!
03.04.2020. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
I.m.Nuraly,бул жерде наалыбай коронавирустун кандай белгилери бар экенин инетти казып оку,врачтарга эмне шам,апанды жон эле жаткызып..Минздрав озу барып жаткызса айтсан болмок ,акча жеген жатат деп..Апан айыгып кетсин,озун да карантиндин шарттарын аткар
04.04.2020. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба жалганбы, орустардын отзывтарын окусамда 1000деп тааныштарымдан сурадым эчким,алардында эч бир тааныштары ооруубаган деп жатат. Же чындап вирус жокпу эмне?
04.04.2020. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arstan18.18, баш айланып деле калды, эмне дешти да билбейм
Artur_sfera түзөттү 2020-04-04 11:19:42
04.04.2020. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Вируска деле ишенич кыйын болуп калды. Кытайда 2 айда вирустан 3300 адам олду деп атышат.Россияда статистика боюнча 1 суткада журок ооруудан 2500 адам олот экен.дуйно суйлошуп карантин кылып жаратылышты эс алдырып жатабы деген дагы ой келет.
04.04.2020. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кандай болгон кундо да Кудай озу сактасын.
04.04.2020. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Вирус жугузуп алган ар бир эле адам симптом көрсөтүп оорубайт. 5 адамдын 4 адамында симптомсуз өтөт. Бироосүндө температура, тамак оору анан өпкө сезгенүү (пневмония, воспаление легких) болушу мүмкүн. Иммунитети начар, мурун өпкө, же жүрөк оорусу барларда осложнение болушу мүмкүн экен. Демек ооруган адамдын баары эле өлүп калбайт. Ден соолукта болгула, үйдө болгула, кол жуугула! Жакшылыкты үмүттөнөлү.
04.04.2020. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Браттар доляга отуруп койушса керек да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: