super.kg logo

Карантин адамдарды үйгө камаганда, дүйнөдөгү шаарлардын бош калган көчөлөрүнө жаныбарлар кожоюн болуп жатышат (сүрөттөр топтому)

 
Таиланд, Лопбури шаары. Туристтер келбей, адамдар сыртка көп чыкпай калганынан ачка калган маймылдар азык талашып, мушташып жатышат. Видеосу тиркелди.
Польша, Закопане шаары. Демейде унаа толгон көчөдө эликтер бара жатышат.
Перу мамлекети, Лима шаарынын четинде ээн-эркин учкан жүздөгөн куштар.
Италияда тартылган сүрөт.
Чили, Сантьяго шаарындагы көчөдө жүргөн пума.
АКШ, Калифорния штаты, шаар ичиндеги аюу.
Япония, Нара шаарында жүргөн бугу.
Япония. Нара шаарынын көчөлөрүндөгү эликтер.
Италия, Венеция. Тынчтык өкүм сүргөн шаарга ак куулар кайтып келишти
Италия, Венециядагы көлдү байырлаган ак куулар.
Венециядагы көл болсо адамдар көчөгө көп чыкпай калгандан бери туптунук болуп калган. Андан балыктар да көрүнүп турат.
Италиядагы шаарлардын биринде. Жапайы чочколор азык издеп жүргөн кез.

Коронавирус инфекциясы дүйнөнүн 200гө жакын өлкөсүнө жайылды. Анын көбү карантин жарыялап, адамдардын себепсиз көчөгө чыгуусуна тыюу салды. Буга ылайык, шаар, андагы көчөлөр бош калып, тынчтык өкүм сүрүп турат. Бул абалда бир катар шаарларга жаныбарлар кирип келишкендеги сүрөттөр жарыяланды. Шаар ичинде түрдүү жаныбарлардын ээн-эркин жүргөнү айрым кинофильмдерди элестеттирет. Адамдардан, унаалардан, түрдүү дабыштардан бошоп калган көчөлөрдө азыр жаныбарлар кожоюн деген сүрөттөр көптөгөн социалдык тармактарга, интернетке тарады. Жогоруда алардын топтому.






Тайланддагы жүздөгөн ачка маймылдардын мушташы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
03.04.2020. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+35
Бишкекти кошуп койбопсунар туну карантин учурда малга окшоп басып жургондорду
03.04.2020. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aerforce,:)))))
03.04.2020. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
aerforce,создун башы болду
03.04.2020. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргызстанда болсо качан эле атып жеп коюшмак
03.04.2020. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жараткан Аллах бир себеп менен абаны тазалап койду эми монгулорда ээригени токтосо керек климат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: