super.kg logo

Комендант: "Бишкек шаары боюнча коменданттык саатты бузгандардын арасында 10 аял бар" (видео, хронология)

 

3-апрелге караган түнү республика боюнча өзгөчө абал жарыяланган аймактарда коменданттык сааттын эрежесин 117 жаран бузду. Алардын 54ү Бишкек шаарынын жашоочулары.

Борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев бүгүн, 3-апрелге карата Өкмөт үйүндө маалымат жыйын берип жатып, тартип бузгандардын саны кыскарбай жатканын белгиледи.

26-мартка караган түнү 193, 27-мартка караган түнү 146, 28-мартка караган түнү 157, 29-мартка караган түнү 119, 30-мартка караган түнү 122 жаран кармалса, 31-мартка караган түнү 137, 1-апрелге караган түнү 119, 2-апрелге караган түнү 82 жаран ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилген.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-04-03 12:10

Электрондук өткөрмө системинде 3 миң 800 арыз катталган, алардын 211 жактырылды. Ал эми ун жеткирүүчүлөр менен маселе чечилген, аларды ташууда эч кандай көйгөйлөр жок.

2020-04-03 12:09

"Акун" компаниясы менен бир аз түшүнбөстүктөр болду. Биз өткөрмө уруксат кагазын бергенбиз. Маселе чечилди", - дейт комендант Алмазбек Орозалиев.

2020-04-03 12:07

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусундагы жыйында мындан ары жүк ташуучу унаалар өткөрмө пункттарынан уруксат кагазы жок өткөрүлөт деген чечим кабыл алынды.

2020-04-03 12:00

Бишкек шаарында 3-апрелге караган түнү коменданттык саатты 43 эркек, 10 аял жана 1 чет элдик жаран бузду.

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: