super.kg logo

Шумдугуң кур! Таиландда коронавирус менен ооруган адам бейтаанышка түкүрүп, вирус жугузууга аракет кылган

 

Таиланддын жашоочусу бейтааныш бирөөгө түкүрүп, коронавирус жуктурууга аракет кылган. Бирок көп өтпөй өзү каза болгон. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

Бангкоктун станциясындагы видеожазууну көрүп, медицина кызматкерлери чуу түшкөн. Видеодо жөтөлгөн адам бет кабын чечип, станцияда билет алып жаткан кишини карай түкүргөнүн көрүүгө болот.

Жакында гана Пакистандан келген 56 жаштагы Анана Сахо Бангкоктон Наратзиват провинциясына бет алган. Поездде баратканда жөтөлүп, жүрөгү айланганын айтып даттанган. Хуа Хин станциясында патруль кызматкерлери ага түшүп калып, эс алууну сунушташкан, бирок ал баш тарткан.

Кечинде поезд Тап Сакае районуна келгенде поезддин кызматкери даараткананын жанында Сахонун жансыз денесин табышкан. Маалыматка ылайык, маркумдан коронавируска алынган тести оң чыккан. Окуядан соң Сахо түшкөн вагон дезинфекцияланып, жүргүнчүлөр эвакуацияланган. Аны менен байланышкан адамдар болсо карантинге алынган.

Учурда бийлик билет сатып алган адамды издөөдө. Бейтааныш жаран вирус жуктуруп, анын андан ары жайылышына себепкер болушу мүмкүн деп чочулашууда.






Коронавирус жуктурган адам башка бирөөгө да жуктурууга аракет кылган

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
03.04.2020. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул Адам эмес айбан. Бироого оору жугузуу менен озу айыгып кетпейт да. Кудай оз жазасын Берген экен
03.04.2020. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Молдоке экен го
03.04.2020. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай кара ниет адамдарда барда.Тобоо
03.04.2020. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмак экен!Кийингенин!
04.04.2020. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таиландка вирус баралек болсо бул кишини атайын жалдаган жеткир тарат вирусту деп палан миллион доллар аласын акына деп уйбулоом жакшы жашасын деп омурун тобокелге салып мындай иштерге баргандар бар экенине окуносун жашоо ушул да эми.....эх дунуйоооо!!!вирусту ойлоп чыгарган адамга нааалат ушунтип бизнес кылып кулуп отуратда акчанын тубундо жашайм деп кубанып,наалат мин мин наалат жазасын аласын албетте ишенем.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: