Комендант: "Үйдөн чыкпай туруңуздар! Коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгон жарандардын инкубациялык мезгили бир-эки күндө аяктайт"
Бир-эки күндө коронавирусун жуктуруп алган алгачкы оорулуулар менен байланышта болгондордо инкубациялык мезгили аяктайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн маалымат жыйында билдирди.
"Коронавирус аныкталган алгачкы оорулуулар менен байланышта болгон жарандарда инкубациялык мезгил аяктайт. Ошондуктан алдыдагы 7 күн бою үйдө калып, сыртка чыкпоону суранабыз", - дейт ал.
Коронавирустун биринчи белгисинин пайда болушуна чейин өтө турган убакыт - 14-21 күн. Кыргыз өлкөсүндө вируска чалдыккан алгачкы жаран 18-мартта катталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
1

Ылайым эле жоголсун, ооругандарга шыфаасын берсин, калган мусулман бир туугандарды кудайым өзү сактасын