Ысык-Атада 2 окуучу асынып каза болду
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 2 окуучу асынып каза болду. Бул маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, окуя 29-март күнү болгон. Окуучулардын бири Рот-Фронт айылынын жашоочусу болсо, бири Тельман айылынын тургуну.
"Окуучулардын бири күндүз, экинчиси кечке маал өзүнүн жанын кыйган. Азыркы тапта алардын мындай кадамга баруусуна эмне себеп болгону иликтенип жатат", - деп билдиришти маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
Рейтинг:
-2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.