super.kg logo

Коронавирус жуктурганы аныкталган 14 жарандын каяктык экени белгилүү болду. Алардын алтоо бишкектиктер (видео, хронология)

 

Бүгүн, 3-апрель саат 10:00гө карата өлкө боюнча 130 жаран коронавирус менен жабыркап жатат. Сутка ичинде 14 жаран коронавируска чалдыкканы аныкталды. Мындан тышкары Ноокат районундагы аймактык ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап каза болду.

Вирус жуктургандар жана каза болгон жаран тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымат берди. Онлайн маалымат жыйын Өкмөт үйүндө өттү.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-04-03 13:28

Бүгүнкү күндө санитардык посттордо тургандардын баары коргоочу костюмдар менен камсыздалган. Мындан тышкары дагы медициналык каражаттар боюнча жардам келери күтүлүп жатат.

2020-04-03 13:23

“Ноокатта коронавирустан каза болгон жарандын өлүмүнүн себебин патологоанатомиялык изилдөө үчүн, сөөгү патологоанатомго жөнөтүлдү, ал тийиштүү корутунду берет”, - дейт саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.

2020-04-03 13:22

"Лабораторияларды экспресс, ПЦР диагностика тесттери жана алар үчүн реагенттер менен камсыздоо боюнча чоӊ иштер жүргүзүлүп жатат. Гуманитардык жардам катары 21 миӊ экспресс-тест келди, жалпы ыкчам диагностикалоо үчүн 60 миӊ тест-систем бар", - дейт министр Сабиржан Абдикаримов.

2020-04-03 13:21

Коронавируска чалдыгып, өлкө боюнча ооруканага жаткырылгандар – 125ти түзөт:
Оор абалда (оорукананын жандандыруу бөлүмүндө) – 4 бейтап;
Орточо оор абалда – 121;
Айыккандар – 5;
Каза болгондор – 1.

2020-04-03 13:20

Ноокат районундагы аймактык ооруканасында каза болгон жаран кичи ажылык зыяратына барып келген. Ал обсервацияга алынып, медициналык тест тапшырган. Тесттин жыйынтыгы вирустун белгилери бар экенин аныктаган. Бейтаптын кант диабети жана башка өнөкөт оорулары болгон. Кечээ, 2-апрелде биологиялык өлүмгө кабылды.

2020-04-03 13:19

Вирус жуктурганы аныкталган 14 жарандын ичинен 4 жаран – сырттан келген, 10 – оорулуулар менен байланыш болгондуктан жуктуруп алган.

2020-04-03 13:17

21 миң адамга ылайыкташкан экпресс-тест систем кечээ Кытайдан келди. Жалпысынан жардамга келген тест системдин саны 60 миң даананы түзөт.

2020-04-03 13:16

Коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгондор:

1-категориядагы адамдар (үй-бүлө мүчөлөрү, жакындары) - 2 миң 283. Анын ичинен 426 адам учакта чогуу келгендер болуп саналат.

2020-04-03 13:15

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өлкөдөгү абал туруктуу экенин маалымдады.

Жалал-Абадда - 61;

Ош облусунда - 30;

Чүй облусунда – 6;

Баткен облусунда – 3;

Ош шаары – 10.

Бишкек шаары– 14;

Нарын облусунда – 4;

Ысык-Көл облусунда – 2 .

Коронавирустан жабыркагандардын ичинен – 72си аялдар, 58и – эркектер.

2020-04-03 13:14

3-апрелде COVID-19 вирусу аныкталган 14 жарандар төмөнкү аймактардын жашоочулары:
• Жалал-Абад облусунда – 5;
• Жалал-Абад шаарында – 2;
• Чүй облусунда – 1;
• Бишкек шаарында – 6.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(17)
03.04.2020. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бишкектин кайсы райондорунан чыгып атат тагыраак малымат болсо жакшы болмок, кундузу эл кочодо маскасы жок эле журушот.
03.04.2020. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
marat_1910,ошол районду атын жазышса кайсы кочо демексинда е
03.04.2020. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чуйдун кайсыл районунан. Новопавловка, Военно антоновка эли кочодо кенен журушот, стройка кылып жатышат. Шаарга болсо киргизбейт. Жалгыз Кыргызстан банк да иштебей жатыптыр деп угуп жатабыз.
03.04.2020. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Сырттан келгенде кайсы жерден келгенде.Умрадан келгендерди сразу айтып аттынар.Калгандарын сырттан келгендер деп эле коюп атышат
03.04.2020. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Сабиржан ака жакшы иштейт, буйруса бул вирусту жеңебиз
03.04.2020. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
nurgaz,
Сабиржан акан, Сокенин укосубу. Укалар, акалар топтолуп алышыптыр го трайбалисттер. Сабиржандын колунан эч нерсе келбейт. Соке трайбалисттик саясатын баштады кордунорбу.
iryi1 түзөттү 2020-04-03 14:46:18
03.04.2020. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
iryi1,жаңы эле кызматка дайындалды го.
Колунан эч нерсе келбейт деп көрүп билгендей жазыптырсыз.
Сенин колуңдан келсе сен кызматка барбайт белең.
03.04.2020. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
iryi1,вирус жуктургандар сааттап кобоюп,олум мн коштоло баштады Сен каяктагы саясатта журосун акасы,укасы деп.Каалаганын койсун и коюп келишкен главный аман-эсен карантинден чыгалы деп отуралычы тынчыраак,сен экообузго саясаттын азыр кыпындайда кереги
03.04.2020. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
iryi1,азыр ал иштебейт бул иштебейт деп адам тандай турган мезгил эмес да,андан коро ушул ооруунун сапары тезирээк карысын деп жакшы тилек ниет кылып уйдо отуруу керек.
03.04.2020. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кайсыл райондордон экенин жазып койсонор. Элге так эле маалымат берсениздер.
nurali1989 түзөттү 2020-04-03 15:45:05
03.04.2020. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кайсы район,шаар,айыл экенин так жазсанар.Аты жонун да жазсанар контакт болгондор оздору барып текшерилишет эле.
03.04.2020. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Так маалымат.Аты жөнү менен чыгарсанар болмок.
Контакт болгон адамдар өздөрү эле барышмак.
03.04.2020. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ооруну жашырсан олум ашкере кылат. Так жазгыла да же же жашыруун аты жонун айтпай аыйктырайын дейсинерби? Минтип берсек дагы дагы башкаларга жуга берет да
04.04.2020. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Бишкек"- чоң тамга менен жазылат! Теманы оңдоп койгула супер
04.04.2020. 03:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Kaary,кечиресин бишкектиктер деп жазылып турат кичине тамга менен эле жазылат. Мисалы оштуктар,нарындыктар ж.б
04.04.2020. 03:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Kaary,"Бишкек шаары" деп жазса чоң тамга менен жазылат. Бул жерде бишкектиктер деп турат, туура эле жазылган.
04.04.2020. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ысык кол баткенде жок болчу еми ал жактада болгон болсо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: