Министр: "Коронавирустан каза болгон жаран кичи ажылык зыяратынан келген"
Бүгүн, 3-апрелде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов онлайн маалымат жыйын берип, өлкөдөгү коронавирус боюнча акыркы абалды айтты.
Министр Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 61 жаштагы жаран коронавирустан каза тапканы тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.
"Маркум ажыдан келген. Анын өлүмүнүн себебин патологоанатомиялык изилдөө үчүн адиске жөнөтүлдү, ал тийиштүү корутунду чыгарат", - деди ал.
Маркумду жерге берүүгө катышууга жакындарына, туугандарына да уруксат берилбегени буга чейин маалымдалган.
Бүгүн, 3-апрелге карата өлкө боюнча дагы 14 жарандан коронавирус аныкталды. Муну менен өлкөдө коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 130 болуп калды. Анын ичинен бешөө айыгып чыккандар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
Aikaaaa

04.04.2020. 07:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми эмне кылабыз, барбагыла десе болбой барып таап келген оорусу. Акчасы көп болсо биякта да жардамга муктаж элдер өтө көп, ошолорго берсе деле сооп болмок. Эми бул мээлери иштесе көптөрүнө сабак болот, болбосо эмкиде дагы жөнөшөт. Акчадарын асманга сапырышып
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.