super.kg logo

Коронавирустан каза болду делген ноокаттык тургунду акыркы сапарга узатууга болгону 6 киши катышты

 
Иллюстрациялык сүрөт

Коронавирустан улам каза болгон Ноокат районунун 61 жаштагы тургунун жерге берүүгө 5-6 киши гана катышкан. Бул тууралуу брифинг учурунда Ош шаары, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, маркумдун урук-туугандары сөөк коюуга жана жаназа намазын окууга катыша алышкан эмес.

"Сөөк коюуга 5-6 адам гана катышты. Жаназа намазы көрүстөндө окулду. Ачык айтайын, маркумдун туугандары анын сөөгүн жерге берүүгө катыша алышкан жок. Бул акыркы абалга байланыштуу, анткени кырдаал олуттуу. Коронавирусту жуктургандан кийин өлгөн адамдарды көмүү үчүн белгилүү нормалар да бар. Бул тууралуу дарыгерлер дагы айтып беришет", - деп билдирген комендант.

Бүгүн, 3-апрелде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымат жыйын берип, Ноокаттан COVID-19 вирусунан каза болгон жарандын өлүмүнүн себебин изилдөө үчүн сөөгү патологоанатомго жөнөтүлгөнүн, ага байланыштуу тийиштүү корутунду бериле турганын билдирген болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
03.04.2020. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Туура эле кылышыптыр. 40-50 киши барганда тирилип кетмек беле. Мен ойлом акыркы сапарга узатуу салтын озгортуу керек. Арабча дубаларды окубай, кыргыз тилинде эле татынакай бата тилеп узатып коюууга мезгил келди.
03.04.2020. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Mirlan27011987,сени ошентип узатышат
03.04.2020. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mirlan27011987,баарыбыздын башыбызда эртеби кеч өлүм бар.
Сен өлгөндө ошентип татынакай бата тилеп узатышат.
03.04.2020. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
5-6 кишинин кобу башка адамдар:молдо,дарыгер ж.б болуптур.
03.04.2020. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактасын бул аябай оор нерсе.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: