4-апрелде Ысык-Көлдө үшүк жүрөт. Республика боюнча күтүлүп жаткан аба ырайы тууралуу маалымат
4-апрелде Ысык-Көл облусунун айрым дыйканчылык аймактарында абанын температурасы -1…-3 градуска төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет дейт ӨКМнын маалымат кызматынан. Министрлик 8-апрелге чейин республиканын аймактарында күтүлүп жаткан аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык:
4-апрелде күндүз жана 5-апрелде түнкүсүн өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. 5-апрелде күндүз Талас, Баткен облустарынын айрым райондорунда жамгыр, Талас, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт;
6-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт;
7-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт;
8-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда жамгыр мезгил-мезгили менен жаайт. Нарын облусунун айрым райондорунда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.


