super.kg logo

Наристеге жиберилген азык-түлүк көрсөтүлгөн дарекке жеткен эмес. Милиция кызматкерлери шектүү делинген курьерди кармашты

 

3-апрелде жалгыз бой эне социалдык тармак аркылуу курьерге алданганын айтып, жазып чыкты. 31-мартта келиндин мурунку күйөөсү курьер аркылуу наристеге азык-түлүк, жалаяк берип жиберген. Бирок жиберилген азык-түлүк көрсөтүлгөн дарекке жеткен эмес.

Социалдык тармакта жарыяланган постто аял карантинге байланыштуу эч жерде иштебей тургандыгын айткан. Келин интернет ​​аркылуу курьерге кайрылып, азык-түлүктү алып келип берүүсүн өтүнгөн. Анын билдирүүсүндө ошол эле күнү окуяга байланыштуу милицияга кайрылганын да кошумчалаган.

Бишкек шаардык коменданты билдиргендей, 31-мартта жабырлануучу арыз жазган. Маалыматка ылайык, жабырлануучунун күйөөсү ошол күнү кечки саат бештер чамасында Чапаев көчөсүндөгү дүкөндүн жанынан Хундай Соната үлгүсүндөгү унаанын эсинен баласына азык-түлүк жиберген. Ал 2 миң 510 сомго алынган азык-түлүктү көрсөтүлгөн дарекке жеткирип берүүнү суранып, тейлөө акысын да төлөгөн. Курьер буйрутманы алгандан кийин, байланышты үзгөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "алдамчылык" беренеси менен катталган.

3-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери курьерди кармашты. Ал 1990-жылы туулган С.Р. аттуу жаран экени аныкталды.

Кылмышка шектүү сурак учурунда телефон номерин туура эмес жазганын, көрсөтүлгөн даректи таба албагандыгын жана үч күндөн бери издеп жүргөнүн айтып берген.

"Мен айдаган унаа дагы өзүмдүкү эмес, ижарага алып айдайм. Ооба, ал күнү мени жолдон бир жигит тосуп, баласына азык-түлүк берип жиберген. Андагы номер туура эмес жазылып калып, үч күн издеп жүрдүм. Кантсе дагы кечирим сурайм", - деп көрсөтмө берген шектүү жаран.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
04.04.2020. 08:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чапаев эмес Бакаев кочосу
04.04.2020. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыргыз элимдин эсине салып койчу нерсе Кечирим сурап койуу менен койгой чечилбейт ушуну токтокулачы!
04.04.2020. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми адашып калса керек да. Кээде туурамес жазып аласынго бироонун номерин,шашып бушуп атып
04.04.2020. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
katerina.li, Курьерде эки номер,эки адрес жазылуу болушу керек. Отправителя и получателя. Эгер получатель менен кандайдыр бир себеп менен байланыш болбосо заказ отправителге или в место отправки кайтарылышы керек. Бул банальное хищение и срыв доставки. Курьер жооп бериши керек.
04.04.2020. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир сан адашса болду да кайда бармак элен
04.04.2020. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адашып жазып алган болсо,эмнеге байланышты узот?Ыйман берсин.
04.04.2020. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Экоонун тен номерин туура эмес жазып алыптырбы,просто аферист.кичинекей продукты учун кыргызстанга уят болдун.
05.04.2020. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоопко тартылсын! Салган адамдын,алатурган адамдында номерин жазыш керек! Посылка берген Адам оз колу мн эле жазып чаптап койсо болмок, 1,2 номерди!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: