super.kg logo

Коронавирустан жабыркагандардын саны жалпы 144. Алардын ичинен 6 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат (видео, хронология)

 

Коронавирус боюнча өлкөдөгү абал тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү маалымат жыйын берип жатат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетовдун маалымат жыйыны бүгүн, 4-апрелде Өкмөт үйүндө өтүп жатат.

4-апрель саат 10:00гө карата өлкө боюнча коронавирустан 144 адам жабыркап жатат.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-04-04 10:17

COVID-19 вирусун жуктуруп алган 9 медицина кызматкеринин ичинен: 7 – Жалал-Абад облусунда, 1 – Бишкекте, 1 – Ошто катталды.

2020-04-04 10:13

Бүгүнкү күнгө карата вирус жуктуруп алганы аныкталган 14 жарандын бешөө чет өлкөдөн келишкен. Ал эми 9у байланышта болгондор. 4-апрелге карата вирус жуктуруп алганы аныкталган 14 бейтап жалпысынан 194 адам менен байланышта болгон. Учурда алардын аты-жөнү такталып, табылып, тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. 

2020-04-04 10:11

Коронавирус менен жабыркагандардын арасында 6 бейтаптын абалы оор. Алар оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Алар:

1. Ноокатта 59 жаштагы эркек – оор абалда;
2. Ошто 45 жаштагы эркек – өтө оор абалда, жасалма дем алдыруу аппаратына кошулду;
3. Ошто 63 жаштагы аял – оор абалда;
4. Ошто 60 жаштагы аял – оор абалда;
5. Жалал-Абадда 33 жаштагы эркек – оор абалдан чыкты;
6. Нарында 60 жаштагы аял – оор абалда.

2020-04-04 10:10

4-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна 144 жаран кабылды. Алар:
Бишкек шаарында – 15;
Ош шаарында – 12;
Ош облусунда – 35;
Баткен облусунда – 3;
Жалал-Абад облусунда – 67;
Чуй облусунда – 6;
Ысык-Көл облусунда – 2;
Нарын облусунда – 4.

2020-04-04 10:08

4-апрелде саат 10:00гө карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 14 жаран катталды. Алардын ичинен:
Бишкек шаарында – 1;
Ош облусунда – 5;
Ош шаарында – 2;
Жалал-Абад облусунда – 6.

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: