Өткөн суткада Бишкек шаарында 99 жаран эреже бузду
Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев бүгүн, 4-апрелге караган түнү эреже бузгандар тууралуу онлайн маалымат жыйын берип жатат. Борбор калаада өткөн суткада 99 жаран эреже жана тартип бузду деп кармалды.
Кармалгандардын ичинен 14ү аял, 85и эркек. Бишкек шаарынын коменданты кылмыш иштеринин азайгандыгын белгиледи.
26-мартка караган түнү 193, 27-мартка караган түнү 146, 28-мартка караган түнү 157, 29-мартка караган түнү 119, 30-мартка караган түнү 122 жаран кармалса, 31-мартка караган түнү 137, 1-апрелге караган түнү 119, 2-апрелге караган түнү 82, 3-апрелге караган түнү 54 жаран ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.