Ала-Бука районунда 15 медицина кызматкерлери обсервацияга жаткырылды
Азыркы кезде Ала-Бука районунда 15 медицина кызматкерлери обсервацияга жаткырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, нөөмөтү бүткөн соң, медицина кызматкерлери 14 күнгө обочолонгон обсервацияга жайгаштырылат, андан кийин алардан кайрадан анализ алынат.
Бүгүн, 4-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов маалымат жыйын учурунда өлкөдө 9 дарыгер коронавирус жуктуруп алгандыгын айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Булар коронавирус жугузган пациенттерди дарылашты,аларды чыгарды.
Эми өздөрү обсервацияга 14кунго кармалат.
Анализдин жыйынтыгы менен кайрадан иштерин улантышат.