super.kg logo

Социалдык фонддун төрагасы пенсия боюнча онлайн маалымат жыйын берди (видео, хронология)

 

Бүгүн, 4-апрелде Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев онлайн маалымат жыйын берүүдө.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-04-04 15:19

"Өзгөчө абал киргизилген аймактарда жашаган жаран карточка алганга жетишпеген болсо, почта кызматкерлери үймө-үй кыдырып пенсияларды беришет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен сүйлөшүп жатабыз, банктар дагы пос-терминал аркылуу үйлөрүнө жеткиргенге мүмкүнчүлүк түзүлөт", - дейт ал.

2020-04-04 15:18

Ирсалиев "Президент кол койгон мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тууралуу мыйзамга киргизилген жаӊы оӊдоолорго ылайык, жеӊилгис күчтүн кесепетинен камсыздандыруу төлөмдөр боюнча туум (пенялар) жана айыптык санкциялар өнбөгөн калдыктын суммасына кошулбайт. Бул мөөнөт өкмөт тарабынан аныкталат", - деди ал.

2020-04-04 15:16

Социалдык фонддун төрагасынын айтымында, ай сайын пенсияларды төлөөгө дээрлик 4 миллиард сом коротулат. "Каржылоо 9-апрелде ачылып, 10-апрелден тарта банктардан жана почта бөлүмдөрүнөн төлөмдөр бериле баштайт. Келерки айда пенсияларды каржылоо толук көлөмдө жана каралган мөөнөттө ишке ашырылат", - дейт Медер Ирсалиев.

2020-04-04 15:12

Ирсалиев пенсия өз убагында төлөнө турганын айтты. "Азыркы учурда Кыргыз мамлекетинде 670 миӊден ашык пенсионер ар кандай категориядагы пенсия алат. Алардын ичинен 55 пайызы банктардан пенсиясын алса, 45 пайызы пенсиясын почта бөлүмдөрүнөн алат. Почта кызматкерлери ар бир пенсионердин үйүнө алардын пенсияларын жеткирип беришет", - дейт ал.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: