Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте бир катар спорттук мелдештер болот
31-августта Бишкектеги эски аянтта Кыргызстандын
Эгемендүүлүгүн майрамдоо иш-чараларынын алкагында саат 10:00дөн 13:00гө чейин
спорттук иш-чаралар өткөрүлөт. Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети
тарабынан спортчулардын чеберчилигин көрсөтүү жана спорттун түрлөрү боюнча
мелдештер уюштурулат. Иш-чара шаардыктарды сергек жашоого үндөө жана
спортту пропагандалоо максатында өткөрүлмөкчү. Анда көркөм гимнастика,
акробатика, оор атлетика, таэквондо, будо-каратэ, ушу, дзюдо, эркин жана
грек-рим күрөшү боюнча мелдештер болот. Ошону менен бирге ордо, шахмат, тогуз
коргол, стол үстүндөгү теннис, аркан тартыш боюнча шаардын Биринчилиги
өткөрүлөт.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.