4-апрелге карата коронавируска каршы күрөшүү иш-чаралары үчүн бирдиктүү эсепке 96 миллион сомдон ашык каражат түштү
4-апрелге карата Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүү иш-чаралары үчүн бирдиктүү эсепке 96 миллион 919 миң 729 сом түштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясына байланыштуу аныктоо, дарылоо иш-чараларына тартылган медицина кызматкерлерине, кенже тейлөөчү жана техникалык кызматчыларга өбөлгөлөөчү кошумча төлөм үчүн 38 миллион 559 миң 307 сом жумшалат. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн ыктыярдуу жардам көрсөтүү түрүндө түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссиянын жыйынында кабыл алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
-1

Ага чейин бирдеме деп айтыш кыйын.
Ооздун учу менен айтып коюшчу эле.