Америкалык ырчы Пинк коронавирустан айыкты
Пинк аты менен таанымал болгон америкалык ырчы Алиша Бет Мур коронавирустан айыкты.
Бул тууралуу ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 2 апта мурун ырчынын 3 жаштагы Жеймсон аттуу баласында коронавирустун белгилери пайда болгон.
"Бактыга жараша, биздин үй-бүлөлүк дарыгерде тесттер болгон. Тесттин жыйынтыгы мен коронавирус жуктуруп алганымды аныктаган. Бирок 2-апрелде мен кайрадан тест тапшырып, анын жыйынтыгы менде вирус жок экендигин көрсөткөн", - деп билдирген Пинк.
Ырчы АКШнын бийлик өкүлдөрүн ар бир жаран тест бергенге мүмкүнчүлүк түзүлбөгөндүгү үчүн сынга алган. Ошондой эле коронавируска каршы күрөшүп жаткан дарыгерлерди колдоо максатында 500 миң доллар бөлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.