super.kg logo

"Аксыда 3 жаран айыгып чыкты дегендин бири менмин, коронавирус менен ооруган жокмун" деген аялдын видеосу тарады

 

Кечээ, 4-апрелде Аксы аймактык ооруканасынан 3 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылганын республикалык штабдан маалымдашкан болчу.

Ошол эле күнү кечке жуук өзүн Гүлзада Сатылганова деп тааныштырган аялдын "Мен коронавирус менен ооруган эмесмин, эл чындыкты билиши керек" деп кайрылган видеосу интернетке тарады. Видео социалдык тармакта азыркы тапта кызуу кепке алынууда.

Видео кайрылуу жасаган жаран: "Жалал-Абад облусунун Аксы районунда коронавирустан айыгып чыкты деген 3 жарандын бирөөсү менмин. Мен коронавирус менен ооруган эмесмин жана сакайып дагы чыккан эмесмин", - деп билдирген. Анда ал 14 күн карантинде гана кармалганын айтып, төмөнкүлөргө токтолгон.

"Коронавирустан айыгып чыгышты деген маалымат жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу айтылып жатат. Бул жалган маалымат. Мен эч кандай дарылоодон өткөнүм жок, дары дагы ичпедим, укол дагы алган эмесмин. Кадимки катардагыдай эле 14 күн карантинде жатып чыктым. Мени текшеришкенде баары таза болуп чыккан", - деп билдирген видео кайрылуу жасаган жаран.

Буга чейин коронавируска байланыштуу калп маалымат тараткан бир катар жарандар күч түзүмдөрү тарабынан кармалган. Азырынча Саламаттыкты сактоо министрлиги жана коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча түзүлгөн штаб жогорудагы видео боюнча комментарий тарата элек.

Кийинчерээк Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифингде бул окуя боюнча: "Жөн эле адамды обсервацияга же ооруканага жаткырбайбыз. Эгер адамда вирус бар экени аныкталса, аны эл арасына чыгаруу кооптуу болуп калат. Оорунун белгилери болбосо, бизде ал адамды жаткырып, дарылоого кандай кызыкчылык болмок эле? Алар мындай билдирүүлөрдү айткандан мурун ойлонуш керек. Себеби жалган маалымат тараткандарга мыйзам чегинде чара колдонулат", - деди.






Аксылык жаран коронавирус менен оорубаганын айтып чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(19)
05.04.2020. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Эмнеси болсо да таза чыгыпсынар кудайга шугур кылгыла. Кыргыз элим бул оорудан эртераак кутулуп кетели
05.04.2020. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Блиин, ушинтип эле оздоруно оздору врач болуп кетишет.Вирус болсо созсуз эле калтырап жатып олуп калыш эмес, женил туру болсо грипп болгондой эле болот экен,анализден чыккан учун врачтар дарылады да
05.04.2020. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
кыйраттың тоону томоруп келгенсип кудайга шугур дегендин ордуна кайра өзүнө ооруу тилеп текеберленип отурат бети жок ошол жерде сени караган врачтарга рахмат айт ушак айтпай
05.04.2020. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол учоонун арасында ушул келин бар бекен чын эле?
05.04.2020. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Короновирус укол же таблетка менен айыкпайт да. Иммунитетти көтөргөндүр жөн эле балким, врачтар.
05.04.2020. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Озун акташ учун болуп жатат.
05.04.2020. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Kairat1996,туура таныштарынан туугандарынан намыстанып эле мен оорубадым деп жатышыда мумкун.
05.04.2020. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эшек экен го, жапайы. Кенебей атышып Италия эмне болуп атат, эми буга ишенген акылы жоктор көчөлөп кетишип, ооруну күчөтүп ийишпесе экен
05.04.2020. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Биздин элге жакшылык жарашпайт карабай койуш керек эле ошондо акчасын кетирип корунгон эшикти кагып врач издегенде корот элек эмнеси болсода шугур кыл акмак элдин ойун бузбай албете мен деле болсо ооруп чыккан адам менен 1 жыл корушпой койот элем ошондон коркуп атса керек
05.04.2020. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул озбектерди бизда казактар дунгандарды энесин тааныткандай Кимдин жеринде жашап жатканын билдирип коюшубуз керек,Кыргызым намыской бололу
05.04.2020. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Биздин врачтар озу кайсы оору менен курошуп жатышат?
05.04.2020. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Обсервациядан кийин созсуз турмо болбосо да штраф салыш керек бул катынга,жаш эле неме экен бош отурбай коронавирустун белгилери кандай болоорун канча кундо билинээрин окубайбы
05.04.2020. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудайдан корксонор боло.Сырттан келсен жатасын да
05.04.2020. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Таза кооп кетегиле. Оорууну беруучу да алуучу да жараткан Аллах Таала
05.04.2020. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Даарылабай чыгарып койсо озун эле эмес сага окшогондорду да кошо ала кетмек экенсин каап.Бирок кыргызыма да чмон тийет эле да болбосо гоооо
05.04.2020. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен туура эмес тушунуп алыпмын, дарыланган турбаймбы врачтарга рахмат, Кыргыз Элим мени кечирип койгула деген видео чыкпайт бекен жакында
nnn.sss түзөттү 2020-04-05 12:33:27
05.04.2020. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ассаламу ъалайкум уа рахматуллахи ва барокатуху! Жамаат анчалык кетпейли! Ар маселенин 2 жагы болот. Балким ушул аял чындыкты айтып жаткандыр, телевизорго ишене бербегиле өтө эле. Даже өзүнө туура эмес баа берип жатканда да анын улутуна асылганыбыз эң жаман адат! Улутту пенде өзү тандап албайт! Биз Кудайдын жаратканын сынга албайлы! Ушинтип Кудай тыюу салган нерселерди кылып жүрүп, ушундай балеелерден башыбыз чыкпай жатат.
05.04.2020. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булар атайын даярдалган террористтерге окшоп жатышатго? Кантип эле соо адамды оорулуу кылып жаткырышсын, эмне зарылчылыгы бар эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: