super.kg logo

"Коронавирус көп адамдарды жакынынан айрыды". Кытайда бул инфекциядан каза болгондорду эскеришти (фото)

 

4-апрелде Кытайда коронавирус - COVID-19 илдетинен каза болгондорду эскерүү мүнөтүн өткөрүштү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышкан.

Жалпысынан Кытай боюнча 82 миң 500 адам вирусту жуктуруп алса, анын ичинен 3 миң 300гө жакыны көз жумган.

"Албетте, Кытайда пандемиянын кызуу учуру өтүп кетти. Бирок бул жаңы коронавирус көп адамдарды жакындарынан ажыратты. Алардын арасында ооруп калгандардын өмүрү үчүн күрөшүп жатып көз жумган дарыгерлер дагы бар. Бүгүн жалпы кытай эли ал дарыгерлерге таазим кылат. Жаңы коронавирустан каза тапкан бардык жарандарыбызды эстеп, аза күтөбүз", - деп жазышкан кытай басылмалары.

2019-жылдын соңунда алгач Ухан шаарынан чыккан коронавирус Кытайда тездик менен жайылып, андан ары Европа мамлекеттерине өткөн. Учурда инфекция дүйнөнүн 190дон ашык мамлекетине жайылды. Ал эми Кытайда пандемиянын күчөшү февраль айынын соңунда жайлай баштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
05.04.2020. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кытайлар оорубай эле коюшсунчу ооруса биз да ооруйт экенбиз.Жарганатыбы мышыгыбы бакасыбы жешсе жей беришсинчи ,ошолорунда оорусу болбосо экен деп тиленип калдым.Курт жеп жаткан кытайды корсом видеодон ою ушул куртунда оору болбосо экен деп
05.04.2020. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
zhykyo,ооба, буларда эми калкынын санынын көптүгүнөн жашоо үчүн күрөш болуп келет да, жашаш үчүн эмне кана кылбайбыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: