super.kg logo

"Жалал-Абаддагы Жоон-Күңгөй айылында жаштар улууларды укпай, күндө топтолуп жатышат" деген билдирүүгө комендант жооп берди (хронология, видео)

 

Бүгүн, 5-апрелде Жалал-Абад облусунун коменданты бүгүнкүгө карата абалды айтып, түз эфирде келген суроолорго жооп берип жатат. Ал коменданттык саат учурунда Жалал-Абад шаарында 39, Сузак районунда 2 адам кармалганын айтты.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-04-05 13:17

"Урматтуу тургундар, баарыбызда кыйынчылыктар болуп жатат. Коменданттык сааттын эрежелерин көзөмөлгө алып, бир топ кызматкерлерибиз иштеп жатат. Алардын эмгегин сыйлап, тартипти сактаңыздар. Тартип, ынтымак менен биз бул абалды жеңебиз деди", - деди Жоробеков.

2020-04-05 13:16

Гуманитардык жардамдар тууралуу бир топ суроолор айтылып, комендант жашаган аймакка жараша айыл өкмөттөргө кайрылуу керектигин же комендатуранын байланыш номерлерине чалуу зарылдыгын белгиледи.

2020-04-05 13:13

Комендант коменданттык сааттын эрежелерин бузгандарга карата көрүлгөн айыптар тууралуу айтты. Коомдук жайда бет кабы жок жүргөндөр, азык-түлүктөрдүн же башка товарлардын баасын кымбаттатып сатып жаткандарга айып караларын билдирди.

2020-04-05 13:10

Аксы районунда малды өткөрбөй жатышат. Кантип малды өткөрсөк болот деген суроого жооп берип жатып, Жоробеков аларга чектөө болбой турганын айтты. Ал жайлоого өтүп кете берсе болорун, болгону блокпосттордон тактоо маалыматын талап кылып жатышса керек деди.

2020-04-05 13:00

Маалымат жыйын башталды. Жеңишбек Жоробеков брифингде маалымат берүүдө. "Курманбек айыл аймагындагы Жоон-Күңгөй айылында жаштар чогулуп ойноп, коменданттын тартиптерин сактабай жатышат. Муну жөнгө салсаңыздар" деген өтүнүч келди. Жоробеков ал жакка кошумча күч органдарынын кызматкерлери жөнөтүлө турганын айтты.

"Өкүнүчтүүсү ошол жаштардын улууларды укпай, сыйлабай жаткандыгы. Аксакалдар тыя албай калганы болуп жатат. Милиция кызматкерлери барып, баш ийбей жаткан жаштарды тыят", - деди ал.

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
05.04.2020. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ошол жоонкунгойдон болом айылдын башын тосушкан ал Эми айыл ичинде ар Ким каалаган жеринде журо берет карантин деген тушунук жок бизде
05.04.2020. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kaya89,Эми беш кол тен эмес да, карантин жонундо тушунугу барлар да бар жоктор да бар дегендей. А оюн ойногондорго жол болсун.
05.04.2020. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Каалаган жеринде жүрбөй үйлөрүндө отурсун же жазгы талаа иштерин кылышпайбы топтолуп алып оюн ойношпой.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: