Орусияда тереземдин түбүндө ызылдап жатышты деп 5 адамды атып өлтүргөнгө шектүү кармалды
Орусиянын Рязань облусундагы Елатьма кыштагынын жашоочусу беш адамды атып салды. Орусиялык басылмалар жазгандай, беш кишини атканга шектүү киши кармалган. Мындай кадамга барышына беш киши анын терезесинин түбүндө туруп алып, бака-шака түшкөнү себеп болгон.
"Ал адам балкондон топтолгон жаштарга менин тереземдин жанында туруп алып, катуу сүйлөшүп жатасыңар деп эскертүү берген. Мындан кийин топтолгон адамдар менен ал кишинин ортосунда чыр чыгып, үйдүн жашоочусу сыртка курал менен чыгып аларды ата баштаган", - деп жазылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, мунун кесепетинен төрт эркек киши жана бир аял окуя болгон жерден каза болгон. Кылмышка шектүү кармалып, кылмыш иши козголгон. Орусиянын мыйзамына ылайык, мындай учурда кылмышкер өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Шектүү окуядан кийин качып кетүүгө аракет жасаган, бирок полиция кызматкерлери көп узабай колго түшүргөн. Куралын жанына алган эмес, үйдө калтырган, бирок күнөөсүн четке каккан эмес. Полициядан ал азыр тергөө абагында экенин, ошондой эле психикалык жактан ооруп, каттоодо турганын билдиришкен.



Бечара киши,менден откон нервный экен да,эми ооруусуна шылтап скостят несколько лет...