super.kg logo

ИИМ: "Карантин жарыяланган 10 күндө 7 өспүрүм жанын кыйды. Балдардын эң кичүүсү 12 жашта болгон"

 

Учурдагы өлкөдө орун алган кырдаалга байланыштуу мектептер карантинге жабылгандан кийин 18-марттан 28-мартка чейин 7 өспүрүм жанын кыйган. Бул кырсыкка ар бир ата-эне өзү жоопкер дейт Ички иштер министрлиги.

"18-марттан 28-мартка чейин карантин жарыяланып, аймактардагы мектептер жабылганына байланыштуу 7 өспүрүм жанын кыйган. Алар 12-16 жаштагы окуучулар. Тоң районунда - 2, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Ак-Суу райондорунда - 1 жана Ысык-Атада 2 өспүрүм өмүрүнө кол салган. Бардык фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүрүүдө. Милиция кызматкерлери тарабынан иликтөө иштеринде балдар көзөмөлсүз калганы жана толук кандуу үй-бүлөдө чоңойбогондугу аныкталган. Мисалы, 4 бала толук кандуу үй-бүлөдө өскөн эмес (атасы же апасы жок), башкалары туугандарынын колунда чоңойбогондугу белгилүү болгон. Кырсык көбүнчө күндүз болгон жана туугандары балдардын кайда жүргөнүн көзөмөлдөшкөн эмес.

Учурда башка өлкөлөр сыяктуу Кыргыз өлкөсү да коронавирус пандемиясы менен күрөшүп келет. Милициянын бардык кызматкерлери ишке тартылып, санитардык-карантиндик пункттарда вирус жуктурган адамдар менен байланышта болгон жарандарды аныкташууда, коопсуздукту камсыздоодо жана кылмыш менен күрөшүүдө. Кызматкерлер 24 саат бою коронавирусту жайылтпоонун аракетинде жүрүшөт. ИИМ балдардын өз жанын кыюусуна ата-энесинин таасири чоң экендигин билдирет. Өспүрүмдө депрессиялык абал байкалганда жакындары балага дароо көңүл бөлүп, моралдык жардам көрсөтүүсү керек.

Урматтуу ата-энелер, ага-эжелер, балдарыбыздын тагдыры бизден көз каранды", - деген билдирүү таратты ИИМдин басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
05.04.2020. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул корунуш Кыргызстан Казахстан озбекстандын эки айдагы короновирустан олгондорунон копго.
05.04.2020. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактасын... таба эмес тооба го бирок айрыкча откоол куракта бала мн тентуш катары, дос катары суйлошуп, сырдашып, проблемасы болсо урушпай кошо чечишип мамиле кылышты уйронуш кк ата энелер
05.04.2020. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтуу! Мээрим жетишпейт да э байкуш балдарга.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: