"Аксыда коронавирус менен ооруган жокмун" деген аялдын ооруканадан чыккандагысы делген видео чыкты
Кечээ, 4-апрелде Аксы аймактык ооруканасынан 3 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылганын республикалык штабдан маалымдашкан болчу.
Ошол эле күнү кечке жуук өзүн Гүлзада Сатылганова деп тааныштырган аялдын "Мен коронавирус менен ооруган эмесмин, эл чындыкты билиши керек" деп кайрылган видеосу интернетке тарады. Видео социалдык тармакта азыркы тапта кызуу кепке алынууда.
Ал эми кийинчерээк социалдык тармакта аялдын ооруканадан чыгып, дарыгерлер менен турган видеосу чыкты.
"Видеодо мен апамды карайм деп келгем. Өзүмө абдан ишенгем. Бирок баары башкача болду" деп айтып жатканын угууга болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
-1

Акмактыктан башка эч нерсе жок
Реальный факты жок эле обсервациядан чыккандарды covid19 деп анан калпы чыккандар коркутуп үркүтүп койсо керек
Кудай момуну сүйлөп калыптыр
Ишенбеске айла жок ишендик covid19 бар экен иии ботом