super.kg logo

Сузакта коронавирустан дарыгер каза тапты деген маалымат боюнча министрлик жооп берди

 

Бүгүн, 5-апрелде социалдык тармактарда Сузак районунда пневмониядан дарыгер каза тапты деген маалымат тараган.

Бул маалымат боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги түшүндүрмө берип, каза тапкан жаран Сузактагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда психиатр болуп иштеген 1956-жылы туулган А.Б. экенин кабарлашты.

"Маркум дарыгер 2020-жылдын 31-мартында Сузак районунун аймактык ооруканасына пневмония жана 1-2-даражадагы дем алуу жолдорунун аба жетишсиздиги диагнозу менен түшкөн. Бейтап өтө оор абалда келгендиктен, түз эле жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Аталган жаран бардык тийиштүү дарылануу процесстеринен өтүп жаткан. Анын оору тарыхынын негизинде ал декабрь айынын соңунан бери ооруп, бирок үйдөн дарылана баштаганы маалым болгон. Өз алдынча дарылануусу оорунун өрчүшүнө алып келген. Маркум дарыгер обсервациядагы жана изоляциядагы жумуштарга тартылган эмес. Ошондой эле үй карантининде жаткандар менен дагы контакт болгон эмес. Бейтапка коронавируска ПЦР анализи жүргүзүлгөндө, ал терс жыйынтыкты берген. Бейтаптын өмүрүн сактап калуу үчүн жасалган чараларга карабастан, ал 3-апрель күнү каза болуп калган. Маркумдун өмүрүн сактап калуу мүмкүн болбогон себептердин бири, анын ооруканага өтө кеч кайрылганы болду", - деп айтылат министрликтин берген маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
05.04.2020. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Жайы жаннаттан болсун, кудайым сурактарын жеңил кылсын, жакындарына сабырдуулук.
05.04.2020. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Азыр даваатчы, насаатчы болгонду токтотолук. Давааттан курсак тойбойт.
05.04.2020. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Озу врач болуп отушуп кеткенсе журо бериптирби......
06.04.2020. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаман болуптур. Жакындарына сабр берсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: