super.kg logo

Ысык-Көлдө 27-марттан бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдүн жансыз денеси көл жээгинен табылды

 

Ысык-Көлдө 27-марттан бери дайынсыз изделип жаткан баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-март күнү Жети-Өгүз РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аталган айылдын тургуну арыз менен кайрылган. Арызда 27-март күнү саат 20:30 чамасында 2003-жылы туулган К.А. аттуу баласы үйдөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келбегени жазылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

"Териштирүү иштеринде дайынсыз жоголгон К.А. өзүнүн классташ баласы экөө айылдаш болгон 2002-жылы туулган Ж.С. аттуу баланын туулган күнүн куттуктап, Боз-Бешик айылынын четине көлдүн жээгине барышкан. Ал жактан аларга 11-класста окуган 3 бала кошулган. Издөө иштеринин натыйжасында 5-апрель күнү саат 17:30 чамасында "Марко-Поло" эс алуу пансионатынын жээгинен өспүрүм К.А.нын жансыз денеси табылган. Учурда жансыз дене соттук медициналык экспертизага жөнөтүлдү", - деди басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: