Коронавируска чалдыккан Улуу Британиянын премьер-министри ооруканага жаткырылды
Коронавирус аныкталган Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон ооруканага жаткырылды. Дүйнөлүк басылмалардын маалыматына ылайык, анын дене табы жогору болуп, жөтөлү кетпей жатат. Мындан улам Борис Жонсонду дарылап жаткан дарыгердин сунушу менен ал ооруканага жаткырылды. Буга чейин ал өзүнүн резиденциясында изоляцияда жаткан.
Улуу Британиянын премьер-министри ооруканада жатканда дагы өкмөттү башкарууну улантып, министрлер кабинети менен байланышта болорун Борис Жонсондун расмий өкүлү билдирген деп жазылат маалыматта.
Ал эми айрым чет элдик басылмалар Жонсон жасалма дем алдыруучу аппаратка кошуларын жазышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:59
2025-06-27
23:28
2025-06-26
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.