super.kg logo
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: Апрель окуясы максатына жеттиби, жүзгө жакын жарандын каны акталдыбы? Өмүркулов: "Саясий жагынан максатка жеттик деп айтсак болот. Бирок коррупция маселеси жасалган иштерге зыянын тийгизди"

 

Апрель окуясына 10 жыл толду. 7-апрель Кыргыз өлкөсүндө Апрель окуясы болгон күн. 2010-жылы Талас, Нарын шаарларында бийликке карата нааразычылык иш-чаралары башталган. Мындан улам ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлиги оппозициялык саясатчыларды камакка алган. 7-апрелде эл камакка алынгандарды бошотуу талабы менен чыгышып, Бакиевдин бийлигин кулатышкан. Бул күнү 100гө жакын киши окко учуп, бир канча адамдар ар кандай жаракат алышкан. Негизи көп учурда ошол окко учкандардын каны акталдыбы деген суроо туулат.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Апрель окуясы максатына жеттиби, жүзгө жакын жарандын каны акталдыбы?" деген собол салды.

Утурумдук өкмөттүн мүчөсү Иса Өмүркулов азыркы учурда мамлекет үчүн стабилдүүлүк керектигин айтты.

"Саясий жагынан Апрель окуясынын максатына жеттик деп айтса болот. Сөз эркиндиги, парламенттик башкаруу деген багыты боюнча максатка жеттик. Үй-бүлөлүк кландык башкаруу сүрүп чыгарылды. Мунун баары ишке ашты десек болот. Бирок коррупция маселеси жасалган саясий иштерге зыянын тийгизди. Бизге бул чоң сабак болуш керек. Эки революциядан жыйынтык чыгарышыбыз абзел. Бизге жарма патриоттордун кереги жок. Мамлекет үчүн стабилдүүлүк керек. Бүгүнкү күнү ушул багытта иштешибиз зарыл", - дейт Өмүркулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: