super.kg logo

Ноокат районунун акими: "Райондо жазгы талаа иштери 95 пайызга аяктап калды" (хронология)

 

Бүгүн, 6-апрелде Ош облусунун комендатурасы облус боюнча абалды маалымат жыйын аркылуу билдирүүдө.

Бүгүнкү маалымат жыйынга Кара-Суу жана Ноокат райондорунун акими Тилекбек Матраимов жана Давранбек Маматалиев суроолорго жооп беришти.

6-апрелге карата коменданттык саатты Ош шаарында 2 адам, Кара-Суу районунда 2 адам бузган. Ал эми Ноокат районунда эреже бузгандар болгон эмес.

“Өткөн суткада коменданттык саат убагында 20:00дөн 07:00гө чейин тартип бузган 4 жаран кармалып, протоколдор түзүлүп, эскертүүлөр берилди. Учурда коомдук саясий абал туруктуу, комендатуранын көзөмөлүндө”, - деп билдирди Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын комендатурасынан.




Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-04-06 12:27

Эки райондо тең жайыт маселеси убагы менен чечилип, бардыгы даяр экени айтылды. Ошондой эле жакынкы жайыттарга малдар кетип жатканы айтылды.

2020-04-06 12:23

Кара-Суу районунда дүкөндөрдө сатылып жаткан спирт ичимдиктери боюнча атайын тапшырмалар берилген. Азыр укук коргоо органдары менен соодагерлер биргеликте сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы маалымат жыйында айтылды.

2020-04-06 12:19

"Кара-Суу районуда 279 ишкер менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү боюнча сүйлөшкөнбүз. 66  ишкер 1 миң 857 үй-бүлөгө азык-түлүк боюнча жардам берди", - деди аким Матраимов.

2020-04-06 12:15

"Ноокат районунда азык-түлүк боюнча маселе жок. Бизде абал туруктуу. Биз азык-түлүктүн бааларын күндө текшерүүгө алып, көзөмөлдөп жатабыз", - деди аким.

2020-04-06 12:11

“Азыркы учурда Кара-Суу району боюнча жазгы талаа иштеринде жүгөрү, пахта айдоо кызуу жүрүп жатат. Ал эми тамак-аш азыктарын алып келип коюуга ар бир райондо атайын кампалар даярдалган. Айыл өкмөттөрү ошол кампалардан тамак-аш азыктарын жер-жерлерге жеткирип беришүүдө. Алардын баалары туруктуу бойдон сакталууда”, - деп билдирди Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов.

2020-04-06 12:07

“Учурда Ноокат районунда жазгы талаа иштери 95 пайызга аяктап калды. Биз бардык дыйкандарга техника жагынан жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берип жатабыз. Андан сырткары райондо азык-түлүк, тамак-аштын бааларын дайыма көзөмөлдөп жатабыз”, - деди Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев.

2020-04-06 12:05

Папан айыл өкмөтүндө посто турган бала башка балдар менен мушташып кетип, ал сабалган. Учурда укук коргоо органдары ал адамдарды кармап, териштирүү иштери жүрүп жатат.

2020-04-06 12:03

Бүгүнкү маалымат жыйынга Кара-Суу районунун акими Тилекбек Матраимов жана Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев жергиликтүү жашоочулардан келген суроолорго жооп беришти.

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.04.2020. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайдагы козомолду айтып атат булар? Ушулбу козомолунор? Биздин айылда 1 мешок унду 1800дон сатып атат. Ноокаттын акими калп айтып атат. Ноокатта талаада эч нерсе эгиле элек!
06.04.2020. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ноокаттын акиминин айткандарын текшерсе сразу иштен айдалат го. Ушунча да калп сүйлөйбү?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: