Жалал-Абад облусунун коменданты: "Жакындарынын жаназасына бара албай калгандар телефон аркылуу көңүл айтып, үйдөн куран окугула" (хронология)
Бүгүн, 6-апрелде Жалал-Абад облусундагы жалпы кырдаал боюнча облус коменданты Жеңишбек Жоробеков онлайн маалымат жыйын берүүдө.
Жалал-Абад облусунда 6-апрелге карата коменданттык саатта 8 жаран кармалып, түшүндүрүү иштеринен кийин коё берилген.
"Бир суткада 15 кылмыш иши катталды. Алардын баарынын бети ачылды. Алардын арасында өзгөчө оор кылмыштар жок. Коменданттык саат киргизилген шаар менен райондо 8 жаран кармалды. Ошол эле мезгилде күндүзгү түшүндүрүү иштеринде Сузак жана Жалал-Абад шаарынан 76 адам кармалып, ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө алып барылган. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ал эми жол эрежесин бузган, документтери жок же өткөрмө кагаздары жок жүргөн 95 айдоочу кармалды. Алардын унаалары айып короосуна токтотулду", - деп билдирди комендант Жоробеков.
Жакындарынын жаназасына бара албай калгандарга шариятта деле телефон аркылуу көңүл айтып, үйдө ал адамга багыштап куран окуп коюу каралган.
Бизде коменданттык саатта көп жарандарыбыз куран окутуп же жаназадан келе жатышкандарын шылтоо кылышууда. Бирок аларды жакшылап тактаганда, алар башка максат менен көчөдө жүргөн болууда. Ошондой окуяларды кайталабай, үйүңөрдө болгула деп кайрылды комендант.
Убактылуу кармоочу жайда кармалып тургандар боюнча маселе жок. Аларга тамак-аш жеткиликтүү.
"17-мартта Өзгөнгө барганбыз. Ошол боюнча ал жакта калып калдык. Кайра кантип шаарга барсак болот?" деген суроого комендант төмөнкүчө жооп берди.
"Мындай учурлар көп. Сиз ишеним телефон номериңизди калтырыңыз. Биз сиздерге жардам беребиз", - деп жооп берди комендант.


