super.kg logo

Республика боюнча жазгы айдоо иши 291 миң гектар аянтта жүргүзүлүп, тапшырма 47,4 пайызга аткарылды (хронология)

 

Бүгүн, 6-апрель саат 14:00гө карата Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев Өкмөт үйүндө маалымат жыйын берүүдө.

Ал өлкө аймагында айдап себүү иштери башталганын билдирди.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-04-06 14:29

“Кант кызылчасын себүү жакшы ылдамдыкта жүрүүдө. Азыртадан эле 3,44 миң гектарга же 24, пайыз себилген. Чүй облусунда 3,4 миң гектар жер айдалды. Ал эми Талас облусунда айдоо иштери башталды. Өткөн жылы бул убакта айдоо иштери башталган эмес”, - Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары.

2020-04-06 14:26

“Буудай жана арпа себүү иштери да жогорку темпте ишке ашырылып жатат. Бүгүнкү күндө республика боюнча жазгы кылкандуу дан өсүмдүктөрү 173,4 миӊ аянтка себилип, тапшырма 56,4 пайызга аткарылды, бул 2019-жылдын ушул мөөнөтүнө караганда 24,8 миӊ гектарга көп”, - деп билдирди Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев.

2020-04-06 14:25

“2020-жылдын 3-апрелине карата күздүк кылкандуу дан эгинди азыктандыруу жер-жерлерде жүргүзүлүп, тапшырма 89,2 миӊ гектар аянтта же 74,7% аткарылды. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 11,1 миӊ гектарга көп”, - деп билдирди айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев.


Республика боюнча жазгы айдоо 291,1 миӊ гектар аянтта жүргүзүлүп, тапшырма 47,4% гектар аткарылып, өткөн жылдан 37,3 миӊ көп болууда.

2020-04-06 14:23

"Жазгы талаа иштеринин кээ бир жерлеринде кыйынчылыктар болууда. Үрөндүн, техниканын тетиктерин убагында жеткирүү иштери жүрүп жатат. Жаздын бир күнү миң күнгө тете деп коёт. Биз пландаган иштерди аткарып жатабыз", - деди министрдин орун басары.

2020-04-06 14:16

"Азыркы учурда кылкандуу дан эгиндеринин көп болуп жатканы бул өкмөттүн дотация мыйзамына колдоо көрсөткөнү" деди маалымат жыйында министрдин орун басары.

2020-04-06 14:10

6 миң гектарга картошка тигилди. Ал 2019-жылга салыштырмалуу көп. Жүгөрү дагы былтыркыга салыштырмалуу көп айдалып жатат. Ал эми бакча жемиштери дагы аткарылууда. Жалал-Абад облусу бакча иштерин активдүү жүргүзүүдө.

Кант кызылчасы дагы 104 миң гектар жерге айдалганы турат. Бул негизгиси Чүй облусунда айдала турганы айтылды.

 

2020-04-06 14:05

Облустардагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берилген тапшырмаларды аткарып жатканы айтылды.

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: