"Каракол шаарында көп кабаттуу үйдүн эл жашаган подъездин ширетип салышты" дейт күбө (видео)




"Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан көп кабаттуу үйдүн кирүүчү эшигин ширетип салышты. Анткени ал жакта коронавирус аныкталган жаран жашачу экен", - деген билдирүүнү социалдык тармактын колдонуучусу жарыялаган. Ал өз билдирүүсүн сүрөттөр жана видео менен толуктаган.
Күбө тартып алган видеодо түн ичинде көп кабаттуу үйдүн эшигинин алдында бир нече адам жүргөнүн көрүүгө болот. Кадр сыртындагы аял кишинин "үйдүн жашоочулары баары эле үйүндөбү? Балким, кире электер бар", - деген сөздөрүн угууга болот. Андан соң ал бирөөгө чалып, "силердин подъездди да ширетип баштады, силер качан келесиңер? " деп кайрылган.
"Каракол шаарындагы көп кабаттуу үйдүн эшигин ширетип салышты" дейт күбө
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

эЛ АМАН БОЛСУН ЭЛ ДЕП ЭЛЕ атышат го ошону да тушунбой кочолоп,душмандык кылып аткансып олкону ушактаганыбызды качан койор экенбиз...Алакандай элбиз Аллахым колодосун да БАБАБЫЗ Манас колдосун дейличи.Илгри жоого киргенде Манастап ураан чакырып женишке жеткен дешет.Дуйно эли аман болсунчу ошо менен бирге алакандай кыргыз элим ама
Кудай буйурса женебиз!
Мындан жаман кунду коргон кыргыз,муну да женип чыгабыз.Кыргыз эли жузубуз жарык болуп,жарык кундорго да жетебиз,.