super.kg logo

Элге жардам көрсөтүп жүргөн ырчы Алтынай Нарбаева: "Ырдагандан да элге жардам берген мага чоң сыймык болуп жатат" (маек)

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева коронавирус эпидемиясы өлкөдө күчөгөндөн тартып карапайым элге жардам көрсөтүп келүүдө. Ырчы айым SUPER.KG порталына "Элдин жегенге наны жок, ачка күн кечирип жатканын көрүп жүрөгүм эзилип жатат" деп билдирип, кырдаал ордуна келгенче эл менен бирге болорун айтты.

- Саламатсызбы, Алтынай айым? Кайрымдуулук иштерин качан баштадыңыздар эле?

- Саламатчылык! 18-марттан баштап карапайым эл менен аралашып, жуурулушуп келе жатабыз. Алгач "Өзгөн өнөрпоздору" деген шеринелештер акча чогултуп, муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратканбыз. Андан кийин өзүмдүн башка шеринелештерим, курбуларым, эжелерим мага акча которо башташты. Жардам берчү адамдар табылып жаткандан кийин токтотуп коё албадык. Ошондон бери күндө эл менен аралашып жүрөбүз.

- Байкашыбызча, ошондон бери күнүңүз муктаж адамдарга азык ташымай менен өтүп жатат окшойт?

- Туура айтасың. Тамадалар Эрнест Бөрүбаев, Сагын Эргешов жана блогер Талант Сагынбаев төртөөбүз кадимки иш күнүндөй үйдөн саат 9да чыгып кетип, кечки 19:30да үйгө келип жатабыз. Ажал кайсы жактан келет, аны Кудай билет. Чынында биз өмүрүбүздү тобокелге салып иштеп жатабыз. Үйгө келгенде жуунуп-таранып, балдарымды да өппөйм, бөлөк бөлмөдө жатам. Бул тобокелчилик, өмүрүмдү, ден соолугумду элим үчүн сайдым дегендик. Мени менен кошо үйлөнө элек Сагын менен Талант жүрөт, алар деле кооптуу учурда тайманбай иштеп жатышат. Эрнис болсо жакында балалуу болду. Ал деле Кудайдын көзү түз болсун деп ишке чыгып жатат.

- Кайрымдуулук иштерин баштаганыңыздарга 3 апта болуп калыптыр. Каражатты кайдан таап жатасыздар?

- Жогоруда айткандай, мен өзүмдүн шеринелештерим менен чогулткан акчаларга азык-түлүк алып таратып баштаганда элдин баары мага кайрылып, жардам сурап, Инстаграм баракчам катка толуп кетти. Каражатты тааныштарым берип жатат, чет өлкөдөн элибизге жардам болсун деп мекендештер которуп жатышат, көчөдөн жолугуп калган бейтааныш эле бирөөлөр берип жатат, айтор, жардам берем дегендер бар. Кээде акчабыз, азык-түлүктөрүбүз түгөнүп баштаганда калганына кантип жеткиребиз деп өзүмчө кыжалат болуп кетем. Анткени "3-4 күндөн бери балдарыбыз томолонуп, ачка жатышат" деп ыйлап кайрылган энелер, бизди күтүп отурган муктаж адамдар толтура. Кудайга шүгүр, жардам берчү адамдар табылып жатат.

- Аярлуу катмар менен иш алып барып жатасыз. Сизди аябай таасирленткен окуя болдубу?

- Жакында эле 60 жашка таяп калган эжеге азык-түлүк алып барганбыз. Ал аябай ыраазы болуп, бизди кучактап, батасын берип узаткан. Кечээ ал эженин көзү өтүп кеткенин угуп бир сыйра ыйлап да алдым. Ошол окуя мени катуу таасирлентти. Бирок жалпысынан алганда, тилекке каршы, арабызда жакыр жашаган, ага кошумча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар абдан көп экен. Биз көбүнчө ошондой өтө муктаж болгондорго барып жатабыз. Кечээ дагы бир 20 жаштагы айымдан кабар алдык. Ал өзү колу-буту калтырап, ишке жараксыз экен, ага кошумча баласынын да ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендигин көрдүк, жалгыз бой айым көпкө чейин тагдырын айтып ыйлады. Айтор, элди аралап жүрүп, бирөөнүн көзүнүн жашын сүртүп, бирөөгө жардам керек учурда тамак алып барып берип ошондон ырахат алып жатабыз. Элге жардам көрсөткөн ырдагандан да чоң сыймык болуп жатат. Мен сооп иштерине аралашып калдым, эми бул иштен чыга албайм. Өкмөттөн бирөө келип чык десе да чыга албайм. Кыйналып жаткан адамдар менен жуурулушуп бир болуп калдым. Насыя төлөгөнгө жардам бересизби, эт алып бересизби же бирдик салып бересизби деп сурагандар да көп. Бир-экөөнүн батиринин акчасын да төлөп бердик. Бирок жалпысынан адамзатына эң керек болгон азыктарды жеткирип жатабыз. Эл оозунда элек жок, бизди мактанып жатасыңар дегендер да болууда. Социалдык баракчага сүрөттөрүбүздү чыгарып жатканыбыздын себеби, башкалар да бизди көрүп, жардамга кол сунса дейбиз. Мен бирөөгө жардам кылып жатам деп эч качан догурунбайм. Бул менин милдетим деп билем.

- Маегиңизге рахмат! Ден соолукта болуңуз!






Кайрымдуулук иштери

Алтынай Нарбаева элге кошулуп биз да ыйлап жатабыз дейт

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
06.04.2020. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайрымдуулук эң жакшы сапат! Ал бейишке жол ачат жана Алла 2 эселеп берет. Бирок РИА болбосо.
РИА - эл мени мактасын, мени ыйык көрсүн деп, Аллах үчүн эмес, өзүнүн напсиби үчүн жасалган жакшылык иштер. Бул сооп эмес, күнөө болуп калат.
06.04.2020. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Колунда жок бечарага 20сом бергибиз келбей, артисттерге 20.000сом берип көөп калганда Аллах биздин көзүбүздү ачып койду. Аллах улуу зат аны түшүнгөндөр түшүнөт түшүнбөгөндөр түшүнбөйт. Алтынай эжеге рахмат кылган жакшылыгына бирок он колуң менен берген жакшылыгын сол колуң көрбөсүн деген сөз бар. Аллахым баарыбызды кырсык апааттан, ыймандан чыгып каапыр болуп кетүүдөн сактасын
06.04.2020. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алла ыраазы болсун
06.04.2020. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен, Мен, Мен кылып атам деп, аны видеого тартып...
06.04.2020. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Короче азыр акылдуусуда акылсызыда "Жардам бериш керек" дегенди түшүнүп калды, ошон үчүн мынтип видео, сүрөттөргө тартып "Башкаларга үлгү болуп жатабыз" деп, өзүңөрдү калп эле алдабагыла, силер үлгү болбосоңор деле баары түшүнүп, билип калды, жана республиканын жер-жерлеринде ого эле көп адамдар муктаждарга жардам берип жүрүшөт. Даже "Матраим фонду" уже миллирадтарды чачып жүрөт, ушул өзү эле бүт элге чооң үлгү. Силер по любому артистсиңарда, кайсы жагынан болбосун
Store түзөттү 2020-04-06 23:43:47
06.04.2020. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кантип байланыша алабыз биз жакта жашаган коп балалуу уй булоолор .жалгыз жашаган 2 топтогу майып чон эне .,айтор жардамыныздарга мукртаж уй булоолор жардамга муктаж болушууда
07.04.2020. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бугун бир коп балалуу кошуна эженин акыркы калган унду жуурдум ,эртен балдарыма эмне берем..?тамакты атайын кеч жасап жатам дегенинен уйуно кичине ун алып барып берсем тамак ашы дээрлик калбаптыр.бугун казаныма суу кайнатат окшойм жомоктогудай кылып деп зээнимди кейитти
07.04.2020. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
janka7,Сиз озунуздун же ошол кошунаныздын номерин калтырынызчы. Аракет кылайлы ушул жерден окуган кыйындар, же болбосо реклама кылбай эле жарлам берсенер болмок деген эксперттер жок дегенде 100 сомдок которсок жардам болоор
07.04.2020. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Берсенер видео го тартып алган адамды да неудобно кылбай Алла учун деп эле берип койо бергиле сураныч. Корсотпой берген садаканын сообу коп болот
07.04.2020. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jibeka09,Тууганым сенде бар учун, мисалы: бироо берсе уялышын мумкун а бирок. Кудай сасактасвн эгерде жок болуп балдарын ачка болгондо уялбай эле алам демексин. Тооба десенерчи.
07.04.2020. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алганды билген колдорун,бергенге дагы машыксын.Алчыдан башка билип жур,чиги да тушот ашыктын.Онкосу тушсо ашыктын,олжонду алгын ашыккын.Унутпай зекет парызын,берууго дагы машыккын.Элге кол сунуп,жардам бергендерге аллах ыраазы болсун.
07.04.2020. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурубузду тобокелге салып иштеп жатабыз дейби? Кокууй, медицина кызматкери болгондо эмне демек экен э. Силер учурдан пайдаланып бир корунуп калалы деп жатасынар.
bond02 түзөттү 2020-04-07 10:39:03
07.04.2020. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бергенинерге Аллах раазы болсун.Карантиндин эрежелерин сактаганды да унутпагыла.Сиз уйго келип бала чаканызга жолобой жатыпсыз.А тиги сиз барып аткан бечара уйбулонун балдарычы?Биринен чыгып бирине кирип атпайсынарбы.Же сиздики бала тигилердики бала эмеспи я?Ушул жерде ашыкча суйлоп алдыныз
07.04.2020. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жогоруда жазгандар баарынар ойлонгулачы. Азыр эң маанилүүсү жардам бергени. Балдары ачка, тамагы жок отургандар үчүн. Айтып береби, айтпай береби, видеого тартабы тартпайбы, өзүн реклама кылабы кылбайбы, башкысы муктаждарга жардам болсо болду да. Ал эми карантиндин эрежелерин сактаса ар ким өзү үчүн. Жардам алгандар да балдарын таза кармап, эреже сактасын. Ал үчүн ла жардам бергендерди күнөөлүү кыласынар. Уят да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: