super.kg logo

Окурмандарды эки жээкке бөлгөн Эквадордо коронавирустан каза болгондорду жерге берүүгө жетишпей жатат деген маалымат ырасталды

 

Буга чейин Эквадордо коронавирустан каза болгондорду жерге берүүгө тиешелүү кызмат жетишпей жатканы маалымдалган. Анда Гуаякил шаарынын жашоочулары көчөлөргө чыгып, атайын өрт коюп жатышканын чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.

Маалыматта шаар тургундары көчөгө өрт коюу менен бийликтин көңүлүн бурдуруп, каза болгондордун жансыз денелери көчөдө бир нече күн бою жатканын, шаардагы өлүккана толуп калгандыгын айтууну көздөшкөнү кабарланган. Мүмкүнчүлүгү бар үй-бүлөлөр сөөктү табытка салып көчөгө чыгарып койсо, айрымдарында шарт жок. Мындан улам алар каза болгон адамдын жансыз денесин кездеме менен жаап короого, көчөгө чыгарып койгондугу айтылган.

Көпчүлүк окурмандар бул мессенжерлер аркылуу тараган фейк маалымат деп сындашкан. Factcheck.kg сайты окурмандарды эки жээкке бөлгөн маалыматты изилдеп, жыйынтык чыгарышты. Ага ылайык, каза болгондорду көчөгө чыгарып койду деген маалымат ырасталды.

Анда ооруканадагы бейтаптардын көптүгүнөн дарыгерлер каза болгондордун өлүмүнүн себебин аныктоого жетишпей жатканы, тиешелүү кызматтын жансыз денелерди чыгарып кетүүгө үлгүрбөй жатканы айтылат. Шаарда дарыгерлердин, орундуктардын жетишсиздиги байкалып, 1 медайымга 16 бейтап туура келет.

Каза болгондордун жансыз денесин чыгарып кетүү үчүн криминалисттердин корутундусу керек болгондуктан, жансыз денелер көчөлөрдө калууда. Бүгүнкү күндө бул маселени чечүү үчүн атайын координациялык топ түзүлдү.

Ал эми каза болгондорду, тагыраагы, жансыз дене салынган табытты өрттөп жатышат деген билдирүү калп экени ырасталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
06.04.2020. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Криминалисттердин корутундусу керек болду- дегенди кандай тушунсо болот
06.04.2020. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
nurhan2702,корутунду-заключение. Адам эмнеден өлдү кантип өлдү эксперт криминалист чыгарып берүүчү жыйынтык.
06.04.2020. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларда өлгөндөр аз эле го 100 гө да жетпейт, эмне үчүн жетишпейт?
09.04.2020. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми өлүктөр жата берип, дагы башка жугуштуу оорулар пайда болбосо болду. Акыр заман деген ушул окшойт((((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: