super.kg logo

Мындан ары коронавирус "дүңүнөн" чыгып баштайбы? "8 миң тоңдурулган үлгүнүн 800ү тесттен өттү. Эми калгандарын да өткөрөбүз" дейт министрлик

 

Бүгүн, 6-апрелге карата өлкө аймагында 69 адам коронавирус жуктурганы аныкталды. Калк арасында бир сутканын ичинде мынчалык чоң көрсөткүч кайдан пайда болду деген суроо жаралууда. Бул суроого Саламаттыкты сактоо министрлиги төмөнкүдөй түшүндүрмө берди.

"Кечээ күнү 12-13-мартта кичи ажылыктан келген жарандардан алынып, тоңдурулган пробаларга тестирлөө жүргүзүлгөн. Анализдер 17-марттан баштап обсервацияда жаткан жарандардан алынган.

ПЦР-диагностика кылуу үчүн реагенттер жок болгонуна байланыштуу кичи ажылыктан келген жарандардан өз убагында тест жасалбай калган. Бирок жарандарды өз убагында обсервацияга жаткыруу менен коронавирустун калк арасында жайылуусунун алдын алдык.

Азыркы учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги керектүү бардык каражаттар менен камсыз болгон жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун кеңеши менен ПЦР-тест жүргүзүүнү улантууда. Жалпысынан 8000 проба тоңдурулуп, 5-апрель күнү 800 анализ тесттен өткөн. Мындан ары диагностика иштери да тездетилет. Тестти үнөмдөө максатында 5-10 үлгү бир пробиркага салынып, баарына бир тест коюлат. Эгер андан вирус аныкталбаса, 10 адамдын баары таза болуп чыгат. Эгер вирус чыкса, анда ар бир үлгүгө өзүнчө тест жүргүзүлөт. Жалпысынан Кыргыз өлкөсүнө 2 200 тест келген, бүгүн дагы Орусиядан 20 миң тест келет", - дейт министрлик.

Буга чейин 3-апрелде жаңы дайындалган министр Сабиржан Абдикаримов биринчи жолу өткөргөн брифингде дээрлик ар бир экинчи адамдын анализи тест-системдин тартыштыгынан чыкпай турганын ачык айткан. "Лабораторияга изилдөө үчүн 17 миң 911 кишиден анализге материалдар келген. Анын ичинен 9 миң 730у аныкталып, алардын ичинен 130унан коронавирус чыкса, калган 9 миң 600үнөн илдет чыккан эмес. Ал эми 8 миң 188и тест-системдин жетишсиздигинен консервацияланып, лабораторияда сакталып турат", - деген Сабиржан Абдикаримов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
06.04.2020. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Биз озу кытайда болгондо эле болдук окшойт коронавирус кышында мен билгенден баарыбыз каттуу грипп болдук быйыл тамактар ооруп
06.04.2020. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
aerforce,жаны жылдагы катуу ооруганыбызбы? Бала-чакабыз менен уч кун температура 39-40 болуп жаттык. Бирок бул вирус жонундо ойлонбогон учун коркпогон экенбиз.
06.04.2020. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
сактаналы сактансак эле озубузго жакшы башкаларга да жакшы медиктерге да жакшы окмотко да жакшы ошондуктан уйдо отуралы тыпыйып.
06.04.2020. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
10 дон бирин эми текшеришсе дагы 7000 дей бар экен кышка чейин текшерип бутуп калышса керек
Bars88 түзөттү 2020-04-06 18:25:19
06.04.2020. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эми 15 күн күтпөй эле 5 саатта чыкса жакшы болуптур түшүнүп түшүнбөй эле ар демени жазып жаткандар бир аз ойлонуп жазсанар
06.04.2020. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Ошол буткул дуйнолук саламаттыкты сактоо уюму ВОЗ деген,оорудан акча жасашат экен,интернеттен документалдык видео кордум бул вирус лабораторный колго жасалган ким жайылтып жибергени белгисиз,азыр массалык тест тапшырбагыла ошол тесттен жакшы адамды оорулуу деп чыгарат анан ага вакцина саят,вакцинада нано чип деген болот экен,бул адамдарды тукумсуздука алып келет дуйнодо адамдарды азайтуу планы.
06.04.2020. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Kyrgyz_bloger, вакцинасы чыга элек болсо нени саят?
06.04.2020. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаңы жылда биздин семьядада ушундай болдук, жаңы жылды реанимацияда тостукго.
Кантсе да Аллахым өзү сактасын эми
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: