super.kg logo

Beeline менен аралыктан окутуу: бардык тарифтерде окуу бекер

 

Коронавирус пандемиясына байланыштуу билим берүү системи трансформацияланууда жана дүйнө жүзү масштабдуу түрдө аралыктан окутууга өтүүдө.

2020-жылдын 8-апрелинен тартып Билим берүү жана илим министрлигинин аракети астында Кыргыз өлкөсүнүн бардык мектептери аралыктан окуп баштайт. Министрлик учурда онлайн сабактарды, теле аркылуу көрсөтүлүүчү окутуу сабактарын, маалыматтык технологиялык жана электрондук ресурстарды камтыган окутуу ыкмаларын иштеп чыгууда.

Мугалимдерди жана окуучуларды колдоо максатында мектеп программасы боюнча толук кандуу окуу үчүн Beeline билим берүүчү канал жана сайттарга бекер кирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындай мүмкүнчүлүк 2020-жылдын 8-апрелинен тарта бардык абоненттерге каалаган тарифте балансында акча жок болгон учурда да ишке ашырылат.

Видео сабактар, окуу материалдары, электрондук окуу китептери, телесабактардын расписаниеси, кошумча адабияттар, тапшырмалар, мугалимдер үчүн колдонуучу куралдар (пособие), өнүктүрүүчү оюндар, тест жана башкалар министрлик тарабынан иштелип чыккан www.oku.edu.gov.kg сайтына жүктөлөт.

1-11-класска чейинки окуучулар үчүн көрсөтүлгөн видео сабактарды BeeTV тиркемеси аркылуу көрүүгө болот. BeeTV тиркемесин [https://play.google.com/store/apps/details?id=com.beetv.plugin] шилтемеси аркылуу көчүрүп, билим берүүчү каналдар үчүн бекер интернет-трафикти алыңыз.

Билим берүүчү телеканалдар:

1. «Илим Билим» ЭлТР;
2. «Баластан» КТР;
3. "ЭлТР";
4. "Пирамида";
5. "5-канал".

Бекер интернет-трафик берилчү сайттар:

oku.edu.gov.kg
lib.kg
kitep.edu.gov.kg
ibilim.kg
www.ktrk.kg/balastan/world
www.bizdin.kg
www.okuma.kg
www.inai.kg
www.moodle.inai.kg
www.digiskills.kg

Мындан сырткары Кыргыз өлкөсүнүн мугалимдери үчүн эки айга бекер берилчү атайын тарифтик план иштелип чыкты. Ал мектеп директорлорунун жөнөткөн тизмесине карап берилет.

Толук маалымат beeline.kg сайтында.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
07.04.2020. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ватсапчы ? Сабактар ватсап аркылуу өтүлөт го көбүнчө.
07.04.2020. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуучулар үчүн бекер тариф барбы .жооп берип койгулачы
07.04.2020. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эжекелерге бекер окуучулар пасобиясына эдиница салып окушабы ,кандай адамдар иштейт ушул иштерли тооба
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: