super.kg logo

Өлкөдө карантин, өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал: актуалдуу суроолорго штабдын жооптору

 

Коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча түзүлгөн республикалык штаб ушул учурда көп берилип жаткан суроолорду жана алардын жоопторун жарыялады.

- Сөөк коюу парзын аткаруу үчүн баргандарга өткөрмө кагаздары берилеби?

- Сөөк коюуга бара жаткан бир нече адамдарга жарактуу мөөнөтү чектелген убакытка гана өткөрмөлөр тоскоолдуксуз берилет. Же болбосо маршруттук баракча түзүлүп, анда келген жеринин дареги жана өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү көрсөтүлөт.

- Бир шаардан экинчи шаарга өтүү кантип ишке ашырылат?
- Санитардык-карантиндик посттордон айланып өткөн жол аркылуу бара алышат. Ошол эле учурда Бишкек шаарына башка шаардан кирүүгө чектөө коюлган.

- Жарандар карантин эмес аймактардан карантин болгон аймактарга жумушка бара албай жатышат?
- Эскертебиз, мекемелердин кызматкерлери уюм же ишкана бөлүп берген кызматтык транспорт менен гана жүрүүгө тийиш. Биз Бишкек комендатурасынын 5-6-буйругуна ылайык, жашоону камсыз кылуу тармагында иштеген кызматкерлерди ташуу боюнча жаңы алгоритм иштеп чыктык. Жакынкы убакта аларды жарыялайбыз.

- Эгер катталган жери Бишкектен сырткары болсо, шаар боюнча кантип жүрүү керек?
- Биз жашаган жери боюнча катталууну сунуш кылабыз. Өзгөчө абал эрежелерин сактаңыз, себеби жок сыртка чыксаңыз санитардык-карантиндик посттордон өтө албайсыз.

- Үйдөн 1,5 чакырым радиустун чегинде сыртка чыгууга болобу?
- Эгер өтө зарыл болсо жана бул радиуста дарыканалар же дүкөн жок болсо, маршруттук баракча боюнча үйдөн 1,5 чакырымдан ашыгыраак чыкса болот. Маршруттук баракчага бул пункттар сөзсүз түрдө көрсөтүлүшү керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.04.2020. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол маршруттук баракчана баргыча тосуп откозбой ататко кантип барабыз ошол адрецке десен жоо бар дейт жакын болсо Бир жон алыс жакта екен адреци дагы учуп барышыбыз керекби карап турсам жалан байлар журот жиптер менен отуп бизге окшогондор Бут кайрылды тегиз карагылачы урматтуу президен ушул маселен. Чечип берин Кундуз да чыга албай жаткан Бут карарапайым ел байлар Бут кочодо еле журот тоготуп койгон жок мен бугун лично чыгып ото албай койдум зарыл иштерим менен
06.04.2020. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tachkomur, маршруттук баракчаны үйдөн эле жазып аласыз, УВД дан бере турган нерсе пропуск. Экөөнү чаташтарыбагыла.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: