super.kg logo

Бишкекте тротуар жана веложолдорду салуу иштери жүрүүдө

 
"Шаар бийлиги бүгүнкү абалга карабай шаарды көрктөндүрүү иштерин аткарышууда. Өткөн жылы шаар башчысынын буйругу менен калаада тротуарларды жана веложолдорду куруу иштери башталган", - деп жазылат мэриянын маалыматында.
Ага ылайык, дал ушул тапта "Бишкек башкы архитектура" башкармалыгы жарандар велосипед менен да жүрүүгө ыңгайлуу болгон веложолдорду куруу иштеринин кызуу учуруна келишти. "П" образында курулуп жаткан веложол менен тротуар шаардын түштүгү менен түндүгүн байланыштырып турат. Азыр Чүй көчөсүндөгү тротуарга Исанов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин асфальт төшөлүп жатат.
"Бишкек башкы архитектура" башкармалыгынын планы боюнча Манас кең көчөсүнүн чыгыш тарабына Ахунбаев көчөсүнөн Чүй кең көчөсүнө чейинки аралагына тротуар жана веложол курулат. Батыш тарабына 3,7 чакырым узундукка тротуар салынат. Мындан тышкары Чүй кең көчөсүнө дагы 1,8 чакырым аралыгына веложол менен тротуар салуу пландалган. Жалпысынан Бишкекке 18,4 чакырым веложол жана тротуарлар салынат", - деп айтылат мэриянын маалыматында.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(5)
06.04.2020. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Машина, эл аз кезинде жакшы эле мындай иштерге. Тоскоолдук дээрлик жок кез да азыр, кун да жылыды. Кудай сактасын деп жасай бергиле. Бир жагынан болбой атса бир жагынан болтура бериш кк
06.04.2020. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
эми жебей тар кылбай кенен сала бергиле
06.04.2020. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы иш баштаптырсыңар молотцы!
06.04.2020. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чункур жерлерди да ондогулачы, жанагы туура эмес куюлуп калган люктарды ондоп, элдер карантинден чыкканда жагымдуу корунуп турсун
06.04.2020. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кочодогу жагымсыз чункурларды, жанагы туура эмес коюлган люктарды да ондоп койгулачы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: