super.kg logo

"1 айлык кызын тирүүлөй таштандыга ыргыткан". Казакстанда бул кылмышка шектүү эне кармалды

 

Бүгүн, 6-апрелде Казакстанда полиция бул кылмышка шектүү деп 22 жаштагы келинди кармады. Казак басылмаларында жазылгандай, ал Караганда шаарынан кармалган.

Мындан 3 күн мурун таштандыдан 1 айлык кыз табылган. Аны жакын жашаган жашоочулар байкап калып, тартип сакчыларына жана "Тез жардамга" кабар беришкен. Дарыгерлер ымыркайдын өмүрүнө коркунуч келбегенин, эч кандай жаракаттары жок экенин аныкташкан. Бул боюнча кылмыш иши ачылып, "Адам өмүрүнө кол салуу" беренеси менен иш козголгон. Ошондон тартып кылмышкерди табуу иштери кызуу жүргөн.

"Кармалган аял дагы 1 ай мурун төрөгөн. Андан тергөөчүлөр балаң кайда деп сурашканда жооп бере алган эмес. Тергөө учурда аны бул ишке шектүү катары карап жатат. Полиция эне эмне себептен мындай кадамга барганын аныктоо аракетин көрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, учурда ымыркай облустук перинаталдык борбордо. Дарыгерлер абалы туруктуу экенин, керектүү бардык жардамдар берилип жатканын билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
06.04.2020. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бироого кор,бироого зар дунуйо.Омурлуу бала болсун.
06.04.2020. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх, эмнелер кана болуп жатат, качан жакшы маалыматты угабыз.
06.04.2020. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамдар эмне мынча ташбоор болуп баратабыз бироого зар,бироого кор дуйно Аллахым узун омур берсин наристеге
06.04.2020. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баласын таштаганды кордум акчасын таштаганды эч корбодум дейт беле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: