super.kg logo

"Бир адам 52 адамга коронавирус жуктурган". Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министри өлкөдө вирус кантип жайылып жатканын айтып берди

 

Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министри Алишер Шадманов жергиликтүү телеканалга интервью берип жатып, Өзбек жарандары кантип коронавирусту жайылтканы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, Ташкентте жашаган жаран 52 адамга вирус жуктурган. "Коронавирус менен ооруган жаран жөтөлүп, дене табы көтөрүлүп, дем алуусу оорлоп жатканына карабай 4 мекемеге барган. Ал 52 адамга вирус жуктурган. Бейтап барган мекемелердин баарын жаап салууга туура келди. Ал эми экинчи бейтап 3 ишканада иштеген. Өзүнүн ооруп баштаганын билсе да көп адам менен байланышкан. Анын кесепетинен 100 чакты адамды карантинге алдык. Бул кылмыш жана билип туруп көп кишиге вирус жуктуруу - бул саткынчылык", - деген министр.

"26-мартта чет өлкөдөн келген жаран 16 адамга вирус жуктурган. Алардын катарында жолдошу менен кызы, 11 тууганы жана башка 3 адам болгон.

27-мартта Андижандын тургунунан коронавирус аныкталган. Кийинчерээк ал ата-энесине вирус жуктурганы маалым болгон. Ал эми атасы 36 кесиптешине жуктурган. Кесиптештеринин бири 4 тууганынын коронавирус менен оорусуна себепкер болгон. Андан сырткары ооруган бейтаптар менен байланышта болгон 3 жарандан COVID-19 аныкталган. Жалпысынан 1 адам 46 адамга вирус жуктурган. Мунун баары башында оору жуктурган адамда вирустун белгилери байкалса да дарыгерге кайрылбагандыгынан болуп жатат", - деп билдирген Шадманов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
06.04.2020. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушулар атайын эле даярдалган терросттерге эле окшотуп жатам, кантип ооруп жатканын билип туруп, ооруп туруп ошончо ишканага барат. Жоопкерчилике тартып, айып пулга жыгыш керекта буларды
06.04.2020. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздин дарыгерлер да ушинтип тушундуруп айтышса болмок.
06.04.2020. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
abusait,мен да ушуну айтайын дегем.
06.04.2020. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Шалаакылык бир адамдан башталат.
07.04.2020. 06:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзбекстанда 457 ге жетти вирус деген
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: