super.kg logo

"Бакай Банк": "Золотая Корона" аркылуу акча которууларын үйдөн чыкпай кантип ишке ашырса болот?

 

Орусиядан Кыргыз өлкөсүнө акча которуу үчүн үйдөн чыгуунун кажети жок. "Золотая Корона" эл аралык акча которуу системи аркылуу бул нерсени ишке ашырса болот. Ал үчүн телефон, Visa же "Элкарт" банктык картасы керек. Калганын "Бакай Банк" түшүндүрөт.

Онлайн акча которууну кантип алат жана каражатты картага кантип которот?

  1. "Золотая Корона" сайтына кирип же "Акча которуулар" тиркемесин көчүрүп алуу керек. Аталган тиркеме App Store жана Play Market`те жеткиликтүү.
  2. Акча салуучу тарап жиберген телефон номер аркылуу тиркемеге катталасыз.
  3. "Акчаны картага алуу" баскычын басуу кажет.
  4. Андан кийин акча салган тараптын көрсөтмөсү менен аты-жөнүңүздү жазасыз.
  5. Банктык картанын номерин жазып, "Картага жазып коюу" баскычын тандайсыз. "Бакай Банктын" кардарлары Visa же "Элкарт" карталары аркылуу акча которууларды ала алышат.

Орусиядан алынган картадан Кыргыз өлкөсүнө акча которууну кантип ишке ашырса болот?

  1. "Золотая Корона" сайтына кирип же "Акча которуулар" тиркемесин көчүрүп аласыз. Аталган тиркеме App Store жана Play Market`те жеткиликтүү.
  2. Акчаны кайсы өлкөгө которсоңуз ошол өлкөнү - Кыргыз жергесин, андан кийин сиздин картаңыз кайсы өлкөдөн чыгарылганын - Орусияны тандайсыз. Тиешелүү сумманы жана валютаны көрсөтөсүз (которулган акча рублдын курсу менен эсептелет).
  3. Акча алуучу жарандын аты-жөнүн толук жазасыз.
  4. Андан кийин өзүңүздүн аты-жөнүңүздү, телефон номериңизди, катталган жериңизди жана туулган күнүңүз менен жылыңызды көрсөтөсүз.
  5. Телефонуңузга келген кодду жазасыз.
  6. Бардык жазгандарыңызды текшерип алган соң "Андан кийин" деген баскычты басасыз. Акча которуунун комиссиясы үчүн 3D Secure технологиясын кармаган картаны пайдаланыңыз. Ал эми акча которууну ишке ашыруу үчүн каалаган банктын карталарын пайдалансаңыз болот.
  7. Банктык картанын номерин, анын колдонууга жарамдуу мөөнөтүн, CVC2/CVV2 үч сандан турган кодун жазып, "Төлөмдү ишке ашыруу" баскычын басасыз.
  8. Кайсы банктан акча которууну ишке ашырып жатсаңыз ошол банктын тааласындагы "Пароль" деген жерге сыр кодун (СМС-билдирүү түрүндө келет) жазуу керек. Кодду жазгандан кийин "Төлөмдү ишке ашырууну" басасыз.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: