Коронавирус жаңы жуктуруп алган 12 адамдын жетөө медициналык кызматкерлер. Баары Оштон

Бүгүн, 7-апрелде Кыргыз өлкөсүндө коронавирус оорусун дагы 12 адам жуктуруп, жалпы саны 228 адамга жетти. Жаңы жуктурган 12 адамдын жетөө дарыгерлер. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
"Бүгүн коронавирус жаңы катталган 12 адамдын баары тең Ош облусунан. Булардын ичинен, тилекке каршы, 7 адам медицина кызматкерлери. Алардын экөө дарыгер, бешөө медайым болуп иштечү", - деп билдирди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Башка жарандын ден соолугу үчүн өз өмүрүн тобокелге салган медицина кызматкерлерине өз убагында коргонуучу атайын формалар берилген эмес.
Мурунку министрди жумуштан эле алып койбой жоопко тартыш керек.
Азыркы министрди да жоготуш керек.
Өзүнчө эле чоң бизнес.
Мындай кырдаалда жанталашбай турса болмок .