super.kg logo

Эркин Асрандиев: "210 миңдей үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө жардам берилери күтүлүүдө" (хронология)

 

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бүгүн, 7-апрелге карата өлкөдөгү экономикалык абал тууралуу маалымат берди. Анда экономика жаатында киргизилген чектөөлөр жана кабыл алынган эрежелер тууралуу маалымат берип, алдын ала берилген суроолорго жооп берди.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-04-07 10:46

Азык-түлүк түрүндөгү гуманитардык жардам 210 миңдей үй-бүлөгө берилери күтүлүүдө. Жардам берүүгө жеке ишкерлер дагы көмөк жасап жатышат. 

2020-04-07 10:45

Суроо: Ресторандар тармагы ассоциациясынан көптөгөн кафе, ресторандар банкрот болуу коркунучунда турарын билдиришүүдө. Бул тармакка кандай жардамдар көрсөтүлөт?

Жооп: Бизде бардык тармакка каржылык жардам көрсөтүү мүмкүн болбой жатат. Жаралып жаткан көйгөйлөрдү чечкенге аракет кылабыз. Мисалы, өтө чоң чыгымга учураган бизнестерге жардам берилет. 

2020-04-07 10:43

Суроо: Менчик мектеп, бала бакчаларда иштеген кызматкерлердин маянасы кандай чечилет?

Жооп: Ал жагы мекеменин жетекчилери тарабынан каралып, чечилиши керек.

2020-04-07 10:41

Суроо: Өлкөнүн кайсы тармагы чоң жоготууга учурады же учурайт?

Жооп: Абал курчуп жатканына байланыштуу туризм, жеңил өнөр-жай тармагы, кызмат көрсөтүүлөр жана кен казуу тармагы чыгымга учурады.

2020-04-07 10:39

Суроо: Өзгөчө абал, өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узарып кетиши мүмкүн. Андай учурга кандай кризиске каршы пландар бар?

Жооп: 2020-жылдын соңуна чейинки экинчи план иштелип жатат. Ал эми үчүнчү план жакынкы 3 жылга чейинки мөөнөткө иштелип чыгат.

2020-04-07 10:37

"Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы пайыздарды төлөөдөн 3 айга чейин убактылуу жылдыруу боюнча күрөөканалардын жана коммерциялык банктардын ишин карап жатат. Мамлекеттик каржы көзөмөл бул тууралуу кайрадан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсүн карап чыгабыз", - дейт вице-премьер.

2020-04-07 10:35

"Бизнеске жардам берүү маселесин иштеп жатабыз. Учурда эки булак бар. 150 миллион долларга чейин каражаттарды көрсөтүү жөнүндө Европа Өнүктүрүү жана Реконструкция банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк, бул каражаттардын 50 пайызы гранттык негизде берилет. Ошондой эле Азия Өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк жана Ислам Өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз", - деп билдирди вице-премьер-министр. 

2020-04-07 10:28

"Патент менен иштеген чакан жана ири бизнестин ээлерине жеңилдиктер каралды. Мисалы, салык декларациясы, салык төлөмдөрү жана мамлекеттик текшерүү жылдырылат. Мындан тышкары кризиске каршы пландар иштелип жатат. Ага ылайык, бизнести колдоо үчүн каржы булагын издеп жатабыз", - дейт вице-премьер.

2020-04-07 10:26

Суроо: Бишкектин чет жакасында жашагандар банкоматтан акча алуу маселе жаратып жатканын айтышкан. Республикалык штаб конкреттүү чараларды көрүп жатабы?

Жооп: "Айыл Банкынын" жана "РСК Банкынын" инкассатордук унааларына өткөрмө уруксат кагаздары берилди. Банктарга банкоматтарды орнотуу тапшырмасы берилди.

2020-04-07 10:20

Эркин Асрандиев: "Өкмөт 2020-жылдын соӊуна чейин өлкөнүн экономикалык кырдаалын жакшыртуу боюнча чаралардын экинчи пакетин даярдоодо. Бул чаралар экономиканы жандандыруу жана кайра калыбына келтирүү үчүн кабыл алынат. Ошондой эле чаралардын үчүнчү пакетин дагы иштеп чыгуудабыз - бул кийинки жылдарга карата стратегиялык план болот".

2020-04-07 10:19

Суроо: Өлкөдө алтын кенин казган 3 ишкана ишин убактылуу токтотулду. Мамлекет канча чыгым тартаары күтүлүүдө?

Жооп: Алтын кенин казган үч ишкананын иши токтотулду. Коронавирустан улам мамлекет жалпысынан 28 миллиард сом зыянга учурашы мүмкүн.

2020-04-07 10:15

Суроо: Кыргыз-Кытай чек арасы аркылуу жүк ташуулар боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатабы?

Жооп: Тиешелүү кызматтын өкүлдөрү Кытай тарап менен 10 күндөн бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Кечээ, 6-апрелде Кытай тарап менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшүүлөр орун алды. Жакынкы арада Кытайдан жооп келери күтүлүүдө.

2020-04-07 10:11

"Ачыгын айтыш керек, өкмөт башка өнүккөн өлкөлөрдөй эле салык төлөмдөрүнөн толугу менен бошотуп же кайтарымсыз негизде насыя бере албайт. Биздин бюджет мындай мүмкүнчүлүк түзүп бере албайт жана учурдагы кырдаалды так түшүнүү керек. Анткени биз республикалык бюджеттен каржыланган жарандарыбыздын алдындагы милдеттерибизди аткарышыбыз зарыл – бул пенсияларды, жөлөк пулдарды жана айлык акыларын төлөө", - дейт вице-премьер.

2020-04-07 10:07

Суроо: Эл аралык валюта фондунан каражаттар качан келет? Эмнеге жумшалат?

Жооп: 120 миллион доллардан ашуун каражат 31-мартта которулган. Каражаттар коронавируска каршы күрөшүүгө жумшалат. Мындан тышкары мамлекеттик бюджеттен камсыздалган ишканалардын кызматкерлерине маяна берүүгө, жөлөк пул, пенсияга да сарпталат.

2020-04-07 10:05

Салыктар боюнча отчётту тапшыруунун мөөнөтү жылдырылды. 2021-жылга чейин мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүлөр болбошу керек.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
07.04.2020. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз, көп нерсеге баам салбай жаткандайбыз, кадимки жай турмуштагыдай бири бирибизге акаарат келтирип акыйнек айтышууну токтотпой келебиз, айлананы карайлы, дүйнө жаңылыгына үңүлөлүчү, эмне деген алаамат болуп атат? Ажал кылычын кындан сууруп ар бир өлкөнү айланып, ар бир үйдү акмалап жүргөндөй. Келгиле корона вирусту ынтымакта биргеликте жеңели.
07.04.2020. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дуйнодогу апаатты билип туруп сыртка чыгып келип,жалпы журттун башына азап салган обсервацияда жаткан жарандар!!!Оозунарды басып тилинерди тыйып тим жаткыла.Силер курортто жаткан жоксунар.Мамлекеттин абалы баарыбызга маалым."Коншу олко тигинтип карап атат, жыргатып атат,бизде шарт жаман"деп уялбай видео жуктогонунорду токтоткула!Ким куноолу?!Албетте озубуз!Коншу олкодой кылып окмотко иштегенге мумкунчулук берип атабызбы?ЖОК!Бизде чукумай шыбамай камамай анан куумай!Ошентип журуп жарды
07.04.2020. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бекер жардам берилет бекер ун таратылат деп ММК ларда булбулдай сайрап жатышат. Иш жузуно келгенде элге келген ун майды айыл окмот тааныштарына 2 3 кап ундан таратып андан ашканын 1800 дон сатып жатышат. Эмнеге ушуну тыкыр козомолго алышпайт. 5 6 балалуу уйбулоолорго жалгыз бой энелерге майыптарга эч нерсе жетпей эле аларга жеткирбей болуп болуп алып атышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: