super.kg logo

Англиялык жаран үйдө жатып алып Эверестти багындырды

 
53 жаштагы Англиянын жараны пандемия учурунда муктаж болуп жаткан адамдарга жардам берүүнү көздөп, кайрымдуулук акциясын баштаган. Өзүнүн үй шартында эле Жон Гриффин Эверестке чыгып келгендей болгон аралыкты басып өткөн.
Ал өзүнүн жүрүшү тууралуу баянды социалдык тармактагы баракчасына #ClimbEverestAtHome хештеги менен киргизип турган. Тоону элестеткен чакырым болуш үчүн үйүнүн ичиндеги тепкичти колдонгон.
Жалпы 8 миң 850 метр болгон аралыкты басып өтүү үчүн ал аны бир нече күнгө бөлгөн. Алгач ал 2 миң 20 метрди 6 саат 30 мүнөттө басып өткөн. Калган аралыкты 3 күндө багындырган. Жалпысынан 19 саатта ал бүт аралыкты басып өткөн. "Биринчи күндөн кийин мен тепкичке чыккандан да түшкөн оор экенин сездим. Ылдый түшүп келе жатканда бутка аябай күч келип жатты", - деп билдирген Гриффин.

Ал акциянын экинчи күнү бутун кокустатып алган, бирок ага карабастан жүрүшүн уланткан.

Канчалык татаал болбосун көздөгөн максатына жетүү үчүн Гриффин бүт аракетин жумшаган. Жыйынтыгында ал атайын ачылган эсепке 1 миң 475 доллар чогулткан. Ал бул акчаны тамак-ашсыз үй-бүлөлөргө берерин айткан.

А сиз бул челленжди кайталай аласызбы?






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
07.04.2020. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайлаптир,ото "тан" калдым.
07.04.2020. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамдардын таппаганы жок))
07.04.2020. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Тепчиктерида жейилип кеткендир

Оюна келгенди кыла берет экенда бул капырлар.
07.04.2020. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Челлендж, тик ток деп интернет учун жашап калгандай болдук го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: