super.kg logo

«Кумтөр Голд Компани» Ысык-Көл облусунун Тоң районуна жаңы бульдозер тартуулады

 

2020-жылдын 6-апрелинде Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясына орусиялык өндүрүштөгү жаңы бульдозерди тапшыруу салтанаты болду.

Оор техниканы сатып алуу «Кумтөр Голд Компани» аймактар менен кызматташуу программасынын алкагында ишке ашты.

Бульдозерди сатып алууга компания өз бюджетинен 9 миллион сомдой акча бөлгөн. Бул бульдозер Тоң районундагы жайыттарды калыбына келтирүү жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу үчүн пайдаланылат. Бульдозердин спецификациясы Тоң районунун жол-эксплуатациялык бөлүмү тарабынан тандалып, райондун мамлекеттик администрациясы менен макулдашылган.

Бульдозер «Тоң районун Өнүктүрүү агенттиги» муниципалдык биргелешкен ишканасынын балансында болот. Андан ары техниканы толук камсыздоо (күйүүчү май, оңдоо, тетиктер, операторлордун эмгек акысы жана башка) үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Тимур Алымбеков: «Кумтөр» компаниясына ушундай керектүү белекти бергенине абдан ыраазыбыз. Бул райондун жашоочуларына чындап пайдалуу болот. Жайыттарды калыбына келтирүү жергиликтүү фермерлердин жана малчылардын алыскы жайыттарга жетүүсүн камсыздап, көлгө жакын жайгашкан жайыттардын бузулуусун алдын алат», - деп белгиледи.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(3)
07.04.2020. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Карантинге байланыштуу кен казган (Бозумчак, Иштамберди, Кумтөр, дегендей)ишканалар токтобос бекен? Супер ушул боюнча да маалымат алып берсеңиздер го
08.04.2020. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мамлекетке толонуучу Салыктын эсебинен бериштиби же белек кылыштыбы?
08.04.2020. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бульдозер б11 ЧТЗ 2020г.в. 4,600,000руб турат экен )))
Белек болгон болсо макул 15миллионго сатып алса да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: