super.kg logo

О! мобилдик оператору окуучуларды дистанциялык окутуу үчүн "Окуучу" тарифин ишке киргизди

 

Өлкөнүн ар бир окуучусу шаршемби күнү 2020-жылдын 8-апрелинде баштала турган дистанциялык окутуу үчүн керектүү нерселердин баарына ээ болот.

Окуучулар үчүн «Окуучу» тарифтик планы - бул:

  • О! түйүнүндө АКЫСЫЗ чалуулар жана SMS + жумасына 2 ГИГАБАЙТ интернет-трафик.
  • Тапшырмаларды алмашуу, сабактарды жана видео сабактарды текшерүү үчүн ЧЕКСИЗ Google Classroom, WhatsApp, Telegram, Skype жана ZOOM.
  • «МОЙ О!» тиркемесиндеги электрондук окуу китептери, сабак жүгүртмөлөрү жана видео сабактары менен «Мектеп» бөлүмүнө АКЫСЫЗ кирүү. (2020-жылдын 8-апрелинен тартып)
  • Видео сабактарды онлайн көрүү үчүн O!TV тиркемесиндеги «O!TV Окутуу» топтомуна АКЫСЫЗ кирүү.
  • Дистанциялык окутуунун OKU.EDU.GOV.KG, kg, kitep.edu.gov.kg, okuma.kg, moodle.inai.kg, ibilim.kg порталдарына АКЫСЫЗ кирүү.

«Окуучу» тарифине кошулуунун 3 варианты бар.

1) «МОЙ О!» тиркемеси аркылуу аралыктан кошулуу

«Окуучу» социалдык тарифине кошулуу үчүн Окуучу «Мой О!» тиркемесинен катталуудан өтүүсү керек.Тиркемени Play Market же AppStore платформасынан жүктөп алыңыз. Эгер тиркеме смартфонуңузда болсо, анда аны кайрадан жаңылашыңыз керек. «Тарифтер» менюсуна киресиз, ал жерден «Окутуу үчүн» категориясын табасыз. «Окуучу үчүн» вкладкасын тандаңыз жана атайын форманы толтуруп, төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз:

  • Фамилия;
  • Аты;
  • Туулган жыл;
  • Облус/район/калктуу пункт;
  • Мектептин номери/аты;
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн номери;
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сүрөтү.

Тизме боюнча окуучуларды текшерүүдөн өткөргөндөн кийин – тариф бир күндүн ичинде Окуучунун “Мой О!” тиркемесинен катталуу жүргүзгөн телефондун номерине автоматтык түрдө кошулат.

2) Окуучуларды мектеп жетекчилигинин тизмеси менен кошуу

Мектептин директору же директордун орун басары тарабынан окуучулардын учурдагы колдонуп жаткан телефон номерлери менен берилген тизмеге жараша окуучуларды «Окуучу» тарифтик планына аралыктан кошуп коюу дагы мүмкүн. Тизмелер кол тамга жана мөөр менен күбөлөндүрүлүп, okuuchu@nurtelecom.kg дарегине жөнөтүлүшү зарыл.

3) Бардык O!Store сатуу жана тейлөө кеңсесинен кошулса болот.

«Окуучу» тарифин баласынын номери ата-энесине жол-жобоштурулган болсо, ата-энеси кошо алат. O!Store кеңсесине кайрылганда ата-эненин жанында өзүнүн паспортунун жана окуучунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн болуусу зарыл.

Тарифтик пландын мөөнөтү – окуу жылынын аягына чейин, башкача айтканда 2020-жылдын 1-июнуна чейин (камтуу менен). Кененирээк маалымат o.kg сайтында.

Бирге окуйбуз! О! Мобилдик оператору ар дайым сиздер менен.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
07.04.2020. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошондо бир уйдо торт баласы окуса,ата-энесинин телефонун пайдаланса,кайсы баласына каттатып кайсынысына жеткирет бир телефонду?
07.04.2020. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атайын форманы толтуруп жатканда, облус район жазылуучу жерге жазылбай жатат го.
Анан дагы бул тарифке кошулсак биздин мурунку тарифке кайра кошула алабызбы.
Же адиске чалсаң жооп беришпейт байланыша албай жатабыз.
07.04.2020. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бекерби ошондо?кийин акция бүткөндөн кийин кайсы тарифке өтөт
08.04.2020. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лапшаны чойбогулачы тарпайт экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: