super.kg logo

"Карантинде отуруп адам эркиндигинин баалуулугун сезип жатсаңар керек". Жактоочу Замир Жоошев ойлору менен бөлүштү

 

Карантин маалында эркиндикти баалап, жашоого үйрөнүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Мындай пикирди SUPER.KG порталына жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Жактоочу учурдагы абалда көп адамдар үчүн өз жашоосун анализдеп, туура жыйынтыктарды чыгаруу мезгили келгенин айтат.

"Жактоочу катары эркиндиктин маанисине көп көңүл буруп келем. Ооба, учурда биздин эркиндигибиз кандайдыр бир деңгээлде чектелүү. Биз изоляцияда отурабыз. Бирок көпчүлүк жарандар өздөрүнүн жайлуу үйлөрүндө отурушат. Биздин жаныбызда жакындарыбыз бар. Ал эми столдун үстүндө тамактын түрлөрү жайнап турат.

А бирок эркиндиги бир ай эмес, андан көп убакытка чектелгендер бар. Андай адамдар абактарда, ыңгайсыз, шарты жок камераларда отурушат. Абактын тамагы даамдуу эмес жана жакындары жанында эмес. Ооба, алардын көбү адилеттүү чечимдин негизинде отурушат. А бирок арасында күнөөсү жок, акыйкатсыздыктын курмандыгы болуп отургандар бар.

Андыктан социалдык тармактарда же башка аянтчаларда бир адамга айып тагып, намысына шек келтирип, ага карата чечим чыгаруудан мурда "Мен ал адамды жакындан билемби? Анын эмнеге эркиндигинин чектелишин каалап жатам?" деп ойлонуу керек. Айтайын дегеним, учурда ар бир жаран эркиндиктин баасын сезип жатса керек. Бул нерсени түшүнгөндөр башкаларга дагы эркиндикте жашоого мүмкүнчүлүк бериши керек. Андыктан ар бирибиз социалдык тармактарда билбеген адамга негизсиз айып тагуудан алыс бололу деп суранып кетер элем.

Учурда баарыбыздын эркиндигибиз чектелүү, бирок убакыт өтө берет экен. Ал эми убакыт деген дүйнөдө кайтарылгыс баалуулук", - деген ою менен бөлүштү жактоочу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
07.04.2020. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жоошев пахта койбой эле кой Атамбаев жана сен жактоочулук кылган абонентериң баары кыпкызыл ууру болгондо да мамлекеттин миллиондордун жеп 6 жыл каалагандай тайраңдап 7 апрелде каза болгон баатырлардын эмне үчүн жан берегин унуткан манкурттар алар бүгүн өзүнүн татыктуу жазасын алып жатат
07.04.2020. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргыз эли башынан эле ар кандай кыйынчылыктарда, оош-кыйыш убактарда тагдырдын сыноосуна жөн гана сынып калбаган эл. Тескерисинче, мындай оор күндөрдө биримдиктин, ынтымактын жана тартиптин күчүн көрсөтө алган эл. Бул жолу да ошол күчүбүздү көрсөтүүгө кудуретибиз жетет.
07.04.2020. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Даана пахтачы ушул турбайбы!
07.04.2020. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Атамбаевдин тряпкасы.
08.04.2020. 05:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андай дебегиле. Бул жактоочу. Кудай сактасын эртен сен бирдемке болсон сага да жактоочулук кылат. Бул анын иши. Бул пакта койбой эле. Эн бир сонун керемет создорду айтыптыр. Мааниси терен экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: