super.kg logo

Электрондук маршруттук баракчалар «Мой О!» тиркемесинде жеткиликтүү

 

«Мой О!» мобилдик тиркемесинде маршруттук баракчаларды электрондук форматта толтуруу жана колдонуу мүмкүнчүлугү пайда болду. Бул документти принтерден чыгаруу же колдон толтуруу муктаждыгынан бошотот.

Тиркемедеги маршруттук баракча тастыкталган кагаз үлгүгө дал келет жана бардык керектүү талааларын камтыйт: ФАА, телефон номери, үйдөн чыгуу себеби, үйдөн чыгуу жана кайтуу убактысы, жашаган дареги жана бара турган жери.

Документти онлайн кантип толуктаса болот?

1. Өлкөнүн бардык уюлдук операторунун абоненттерине жеткиликтүү болгон «Мой О!» тиркемесин орнотуп алыңыз.
2. Башкы бетте «Маршруттук баракчаны» тандаңыз.
3. Керектүү талааларын толтуруңуз жана сактап коюңуз.

Тиркемедеги сиздин маалыматтар керектүү учурда ар дайым кол алдыңызда болот. Текшерүү учурунда маршруттук баракчаны кайгуул кызматкерине смартфондон эле көрсөтсө жетиштүү болот.

25-марттан тартып Кыргызстандын кээ бир аймактарында кыймыл-аракетке чектөөлөр киргизилгендигин эсиңиздерге сала кетмекчибиз. Көчөгө абдан керектүү учурда гана (мисалы, дарыканага, дүкөнгө же медициналык мекемеге) паспорт жана маршруттук баракча менен чыгууга болот.

Ден соолукта болуңуздар, өзүңүз менен жакындарыңыз аман болсун!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
07.04.2020. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гонка экен го,жок экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: