super.kg logo

Пандемиядан улам АКШда бункер кургандардын жана сатып алгандардын саны күн санап өсүүдө

 

Коронавирус эпидемиясы адамдарды айрым нерселерге болгон көз карашты өзгөртүүгө түрттү. Эгерде мурда адамдар шаар сыртында, башкалардан алыс жашап, жаратылыш кырсыгынан, акыр замандан же согуштан коркуп атайын жай даярдаган адам тууралуу укканда шылдыңдап күлгөн болсо, азыр такыр башкача.

Айрым маалымат булактары жазгандарына таянсак, пандемия башталгандан бери бүтүндөй дүйнө жүзүндө эле шаар четинен үй алгандар жана үй кура баштагандардын саны өскөн.

"Rising S Company" компаниясынын негиздөөчүсү Клайд Скотт мурда бункерлерге болгон талап эч качан мынча жогору болбогонун билдирген.

"Медициналык кырдаалдан улам бункерлерге болгон суроо-талап мынча күчөйт деп ойлогон эмеспиз" деген Скотт.

Аталган компаниянын эң арзан бир бөлмөлүү бункери 39 миң 500 доллар турат. Ал эми саунасы, өсүмдүктөр үчүн бөлмөсү, бассейни жана унаа токтотуучу жайы бар бункерин 8 миллион доллардан ашык акчага сатып алса болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
07.04.2020. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не дейбиз эми
07.04.2020. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кырк жыл кыргын болсо дагы бей ажал чымын олбойт деген экен илгери ата бабаларыбыз.
Бункер эмес айга учуп кетсен дагы ажалын жетсе олосун так что Аллаага ибаадат кылгыла туугандар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: